БИШКЕК. “Пирамида” телерадиокомпаниясына президент Курманбек Бакиевдин баласы ээлик кылууну көздөп жатат. Мындай пикирин аталган телерадикомпаниянын башкы редактору Элина Чернявская парламентте өткөн жыйында билдирди.
- Жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт. Мындай сөздөр бекеринен айтылбайт. Биз Максим Бакиев деп баамдап атабыз,-деди аталган компаниянын президенти Адил Бийназаров “Азаттык” үн алгысына..
Президенттин маалымат кызматынын кызматкери Калыбек Асылбашев “Азаттыкка” мындай дооматтар чындыктан алыс деп билдирди. 8- декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары “Пирамида” телеканалынын тегерегинде кырдаал боюнча парламенттик угуу өткөрүштү. Анда телеканалды коргоо кеңешин түзүү чечими кабыл алынды. Эскерте кетели, тиешелүү мамлекеттик мекемелер “Пирамида” телердиокомпаниясынын обого чыгууга лицензиясын узартуудан баш тартышкан. Адил Бийназаров билдиргенге караганда, жакынкы күндөрү телерадиокомпаниянын жетекчилиги сотко кайрылат.