Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 10:42

Британия: Бунсенфилддеги өрттү токтотуу үчүн дагы 24 саат керек болот


Кечээ жекшемби күнү Британиянын байтакты Лондондун түндүк батышындагы мунай сактоочу жайда өрт менен коштолгон кубаттуу жардыруулар болду.
Хемел Хемпстид шаарчасынын жака белиндеги Бунсенфилд комплекси Лондондун бардык аба майдандарын күйүүчү май менен камсыздоочу.
Өрттөн 43 адам жарадар болгон. Алардын экөөнүн абалы оор.


Британ парламентинин мүчөсү Майк Пеннинг кырсык болгон жердин көпчүлүк эли коопсуз жайларга көчүрүлгөнүн маалымдады:

-Үй-жайларынан көчүрүлгөн адамдардын саны 2 миңге жетет. Алар жардыруу болот деген коркунучтан эмес, ачуу түтүндөн дем алуу кыйын болгондон улам көчүрүлдү.

Полициянын билдиришинче, жардыруудан мунай сактоочу комплекстин теңи кыйрап иштен чыккан. Өрт өчүрүүчлөрдүн сөзүнчө, өрттү контролго алуу үчүн кеминде 24 саат керек болот.

XS
SM
MD
LG