Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:39

АКШлык аскерлер Иракта “толук жеңишке жеткиче калышат”


Президент Жорж Буш АКШлык күчтөр Иракта “толук жеңишке жеткенге чейин калышат” деди шаршемби күнү Вашингтондо сүйлөп. Буш Ирактагы шайлоого кайрылып, эл добуш берүү менен өлкөдөгү демократияга жол салууга катышууда деди:


–Январдагы шайлоого катышпай койгон сунни арабдары үстүбүздөгү аптадагы добуш берүүгө ургаалдуу катышууда жана биз суннилер өнөктүккө тегиз катышат деп күтүүдөбүз. Суннилер саясый жараянга катышып жаткандан кийин Ирактагы демократия дагы мазмундуу болот жана террорчулар менен саддамчылар кубатын жоготот.

Буш ошондой эле Кошмо Штаттары согушту каалабаганын, согушту Саддам каалаганын айтты.

XS
SM
MD
LG