ОШ. 16-декабрь күнү Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы китепканада жогоруда аталган коомдук бирикменин демилгеси менен бей өкмөт уюмдардын, саясий партияларынын жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышкан тегерек стол жыйыны болуп өттү. Жолугушуунун катышуучулары өлкөдөгү коомдук саясий кырдаалды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүн жана Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун талкууга алышты. Демократия жана жарандык коом үчүн бей өкмөт уюмдар бирикмесинин лидери Эдил Байсалов анын иш сапарынын негизги максаты өлкөнүн түштүгүндөгү жалпы кырдаал менен таанышуу жана пикир алмашуу мүнөзүндө экендигин билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө кийинки учурдагы мамлекет башчысы Курманбек Бакиевдин кадр саясаты, социалдык-экономикалык тармакты башкарууда кетирилген калпыстыктар боюнча сын-пикирлер айтылды.