Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:45

Нарындагы шайлоого 105 байкоочу катышат


НАРЫН. Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн деректири Гүлжамал Султаналиеванын билдиргенине караганда, коалициянын атынан 15 айылга 49 шайлоо участогуна 49 көз карандысыз байкоочу көз салат. Айылдарда суб этникалык маселелер өрчүп, бир нече уруулар жашаган айылдарда тирешүүлөр башталды. Алдын-ала маалыматтар боюнча бир добуш шайлоо күнү 50 сомдон 500 сомго чейин жетиши мүмкүн. Талапкерлер өздөрү көз карандысыз байкоочулардын шайлоо участокторунда болушуна кызыкдар болуп жатышат, дейт Гүлжамал Султаналиева. Мындан сырткары облустун ар кайсы райондорунан биргелешкен беш бейөкмөт уюму ОБСЕнин колдоосу менен 28 шайлоо участогуна 56 байкоочуну даярдашты. Эске сала кетчү жагдай, облус боюнча 42 айыл өкмөтүндө шайлоо өтөт.

XS
SM
MD
LG