Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:34

Меккеге зыяратка баруучулардын коопсуздугу камсыздандырылат


БИШКЕК. 17-декабрда премьер-министр Феликс Кулов Меккеге зыяратка баруучу Кыргызстандыктардын коопсуздугун камсыз кылуу жана алардын зыяратка барып келүүсүн уюштуруу боюнча токтомго кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Уюштуруу маселесинде Меккеге зыяратка баруучулардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, тейлөө кызматынын сапатын жакшыртуу, өкмөт алдындагы дин боюнча мамлекеттик агенттик менен Сауд Аравиясынын зыяратты өткөрүү тууралуу келишиминин шарттарын аткаруу каралган.

Дин башкармалыгынан 17-декабрдагы алынган маалыматка караганда, учурда Сауд Аравиясынын консулдугунан эки адам Бишкекке келип визаларды ачууда. Ал эми быйыл төрт жарым миңге чукул Кыргызстандын атуулдары Меккеге зыяратка баруусу болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG