Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:04

АМУРДАГЫ УЛУУ ЗАТТАР БИР КАНЧА СААТТАН КИЙИН ХАБАРОВСК КРАЙЫНА ЖЕТЕТ


Төрөкул Дооров, Москва. Үстүбүздөгү жылдын 13-ноябрында Кытайдагы Цзилинь деген шаарындагы химиялык заводдо жардыруу болуп, анда Сунгари дарыясына 100 тоннадай химиялык уулуу зат түшкөнү айтылган эле. Сунгари дарыясы Орусиядагы Хабаровск крайынын аймагынан акчу Амур дарыясына куят. Амур дарыясындагы уулуу заттар шаршембиде Хабаровскко жете турганы маалым болду.

Сунгариге бензол төгүлгөн. Бул, окумуштуулардын баамында, анча деле коркунучтуу деп эсептелинбейт. Бирок бензолдун көлөмү чоң болгондуктан, ал келтирчү экологиялык зыян да жеңил болбойт деген божомол бар. Андыктан жакында Кытай бийликтери Сунгари дарыясындагы уулуу заттардын күчүн кетирип, анын тезирээк таркалышы үчүн дарыяга башка суу сактагычтардан да суу куюшкан. Азыр Амурдун деңгээли бир метрге жогору.

Өткөн аптанын жума күнү Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери уулуу заттар Орусиянын Кытай менен чектеш жериндеги Еврей Автономиялык округуна жеткенин кабарлашкан.

Уулу заттар Хабаровск крайынын борборуна түз тийбей өтүшү үчүн кытайлыктар дамба да кура башташкан. Бирок соңку кабарларга караганда, алар дамбаны өз убагында куруп бүтпөй калышы деле мүмкүн экен.

21-декабрда, шаршемби күнү, Амурдагы бензол Хабаровскко жетет, дагы бир күндөн кийин, бейшембиде, ал жердеги уулуу заттардын жыштыгы эң көп болоору айтылды. Ошондуктан Хабаровскинин бийликтери бул күндөрү шаарда суу токтотулушу да мүмкүн экенин эскертишти.

Бирок Хабаровск шаарынын мэри Александр Соколовдун айтымында, шаарда суу токтотула турган болсо деле бул анчалык чоң кыйынчылыктарды жаратпайт. Атайын транспорт таза суу менен элди камсыз кылып турмакчы.

Шейшембиде Хабаровсктон 60 чакырымдай алысыракта жайгашкан дамбанын курулушунда кытайлык 3 миңдей куруучу иштеп жатканы кабарланды. Орусиялык бийликтердин айтымында, эгер суудагы уулуу заттар шаарга жакын жеткен маалга дамба курулуп бүтпөсө, анда үч суу тоскучун убактылуу жабууга туура келет. Анткени алар аркылуу шаар суу менен камсыздалып турат.

Жергиликтүү бийликтер жана Өзчөчө кырдаал министрлиги эки суунун кошулган жериндеги Казакевич айрыгына уулуу зат жетпеши үчүн ал жерге 100 миң куб.метр шагыл төгүштү. Ал эми курулуп жаткан дамбанын түбүнө министрликтин ал жердеги жалгыз Ми-26 тик учагынын жардамы менен кумга толтурулган 24 тонналык эки контейнер жана темир жол вагону ташталды.

XS
SM
MD
LG