Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:20

АКШнын коргоо министри Ооганстанда жана Пакистанда болду


Ооган президенти Хамид Карзай менен АКШнын коргоо министри Дональд Рамсфелддин Кабулдагы бүгүнкү сүйлөшүүлөрүндө Ооганстандагы америкалык аскерий контингенттин кыскартылышына байланышкан маселе талкууланган. Дональд Рамсфелддин өзү Кабулдан төмөнкүлөрдү айтты:

-Кошмо Штаттар Ооганстандагы аскерий контингентин эки бригадага чейин кыскартарын жакында жарыялаган. Бирок, албетте, биз алдыда НАТОнун операцияларына өз салымыбызды кошобуз. Башынан тартып эле биз бардык операцияларга активдүү катышып келгенбиз жана НАТОнун Ооганстандагы күчтөрүн колдоорубуз турган иш.

АКШнын Ооганстандагы аскерлеринин саны азыр 19 миң, келерки жылы алардын 2-3 миңин чыгарып кетүү пландалууда. Ооган президенти Хамид Карзай АКШнын аскерлерди кыскартуусу Ооганстан боюнча милдеттемелерин азайткандык эмес экенин белгиледи.

Ооганстандын алдында АКШнын коргоо министри Пакистанда болуп, октябрь айындагы күчтүү зилзаладан жабыр тарткан аймактарды кыдырып көрдү.

XS
SM
MD
LG