Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:02

АКШ коргоо министри Доналд Рамсфелд Оооганстанга келип кетти


АКШ коргоо министри Доналд Рамсфелд кечээ күнү Ооганстанга келип, өлкө президенти Хамид Карзай менен жолукту. Эки жетекчи - Ооганстандагы америкалык аскерлердин санын кыскартуу маселесин талкуулады. "АКШ жетекчилиги мурда билдиргендей, биздин Ооганстандагы азыркы үч бригаданын экөө гана калат. Бирок АКШ өзүнүн НАТО аракеттерине салым кошуусун улантат, биз сөзсүн НАТОнун Ооганстандагы аракеттерин колдойбуз", - деди Рамсфелд Кабул шаарында. Министрдин айтымында, жаз айларында Ооганстандагы 19 миң америкалык аскердин эки-үч миңи өлкөдөн чыгарылып кетет, ал эми НАТО аскерлеринин саны тогуз миңден 15 миңге чейин көбөйтүлөт.

XS
SM
MD
LG