Мындан эки жыл мурда болгон элдик ыңкылаптын натыйжасында бийликке келген өкмөттүн айтымында, Грузиядагы абал азыр мурдагы менен салыштырганда асман менен жердей айырмаланат, бирок аталган Кеңештин адистери 16-декабрда даярдаган докладда келтирилген маалыматтарга караганда, абал анчалык жакшы эмес.
Үстүбүздөгү жылдын ноябрында болсо баш кеңсеси Лондон шаарында жайгашкан "Эмнисти интернешнл" уюму Грузия боюнча атайын доклад жарыялаган жана анда өлкөдөгү абал катуу сынга алынган. Кармалган адамдар абактарда жана полиция түйүндөрүндө катуу кыйноого алынган көптөгөн мисал келтирилген жана алар тизмеленип да чыккан. Бир келтирилген мисал боюнча болсо, күнөөлөнүп жаткан адам сот жүрүп жаткан учурда адвокаттардын көзүнчө мазакталган.
Анткен менен Грузия президенти Михаил Саакашвили андай маалыматтын баарын четке кагууда: "Грузия жарандары азыр эч кандай кыйноого алынбайт. Мурдагы бийлик учурунда түзүлгөн терс пикир азыр дагы күчтүү, бирок 'Эмнисти интернешнл' же 'Хюман райтс вотч' сыяктуу уюмдар азыркы күндө жүргүзгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, бир дагы кыйноо факты табылган эмес. Полиция түйүнүндө кимдир бирөө сабалган бир да учур катталган эмес", - деп билдирген Саакашвили ноябрда. Бирок анын эртеси "Эмнисти интернешнл" уюмунун өлкөнү сынга алган отчету чыккан.
Уюмдун Түштүк Кавказ боюнча адиси Анна Сандер-Пласмандын айтымында, президенттин мындай жарыялары абалды оңдоого көмөктөшпөйт: "Биздин оюбузча, кыйноолор жоюлганы тууралуу мындай кескин жарыялар абалды оңдоого жардамдашпайт. Тескерисинче, мындай жарыялар полиция кызматкерлерине колдоо катары колдонулуп, алардын кыйноо аракеттерин актагандай болот жана полиция же башка тартип коргоо уюмдарынын кызматкерлери эмне кылса дагы, баары бир жазаланбай турганына ишеним жаралат", - дейт Сандер-Пласман.
Европа кеңешинин адистери даярдаган отчетто дагы -Грузия коомунда азыр - полиция каалаганын кылып, андай аракеттер үчүн эч ким тарабынан жазаланбай тургандай маанай түзүлдү жана мындай маданий өзгөрүүлөрдү келечекте оңдоо бир топ кыйын болот.