Линктер

жума, 16-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 06:00

2006-ЖЫЛЫ ДҮЙНӨДӨ КӨПТӨГӨН ЖАҢЫ ЭЛЕКТРОНДУК АСПАПТАР ПАЙДА БОЛОТ


Нарын АЙЫП, Прага Мындан он жыл мурда дүйнөлүк маалымат каражаттарында интернет жаңыдан кеңири пайдаланыла баштаган, азыр болсо айрым адамдар кагазга басылып чыккан гезиттерди окубай да калды жана жалаң гана инетернеттеги маалыматтан пайдаланат. Мындан жети-сегиз жыл мурда чөнтөк телефонго айрым гана адамдар жетчү, азыр болсо андай телефон дээрлик ар бир адамда бар жана кимдир бирөө менен байланышуу маселе болбой калды. Илим менен технология болсо улам жаңы ачылыштарды жасап жатат жана 2006-жылы адамга көптөгөн жаңы аспаптар кызмат кыла баштайт.

Жалпак телевизор чыгаруу технологиясы мындан отуз жыл мурда ойлоп чыгарылган жана андай ыкма менен алгач сааттар менен электрондук оюндар, андан соң компьютерлердин мониторлору жана эми кадимки чоң телевизорлор чыгарыла баштады. Аларды столдун үстүнө койбостон, тамдын бооруна сүрөт сыяктуу илип койсо болот. 2006-жылы болсо жогорку сапаттагы телевизорлор сатыкка чыгат - алардын экранындагы сүрөт азыркыдай 576 пиксел сап менен эмес, 1078 сап менен чыгат жана сүрөттүн көрүнүш сапаты эки эсеге жакшырат.

Чөнтөк телефондорду чыгарган атактуу "Нокиа" компаниясы 2006-жылы "N-91" үлгүсүндөгү телефонду сатыкка чыгарат, аны жөн гана телефон катары эмес, музыка ойноочу аспап, фотоаппарат жана маалымат сактаган аспап катары да пайдаланса болот. Телефондун ичинде төрт гигабайт маалымат сактай ала турган диск да орнотулган, ошондуктан бул "Нокиа" компьютер менен кошо иштеп, интернет аркылуу ар башка даректерди таап, аларды текшерип, керектүү маалыматты топтоп алууга жөндөмдүү. Эң негизгиси - компьютер менен ал зымсыз байланыша алат.

"Электролюкс" компаниясы болсо 2006-жылы жаңы чаң соргуч чыгарат, ал ультра-үн толкундарын пайдаланып, үйдүн ичин өзү кыдырып-тазалай алат. Тамдын бооруна жана тепкичтерге жаңы чаң соргуч урунуп кетпес үчүн, ал жерлерге атайын магнит кагаздарын чаптап койсо болот, андай кагаз жок жердин баарын аспап өзү кыдырып чыгып, чаңдын баарын өз чөнтөгүнө чогултуп алат.

"Селестон" деген компания эмдиги жылы "Скайскаут" деп аталган атайын аспап чыгарууда, аны адам колуна алып, ачык асманга багыттаса, көрүнүп турган жылдыздар жана планеталар тууралуу ал бардык мүмкүн болгон маалыматты айтып берет.

Аспапты сатып алгандар дүйнөнүн ар башка мамлекеттерине кетиши мүмкүн жана асмандагы жылдыздардын көрүнүшү өзгөрөт, ошондуктан "Скайскаутка" - адам турган жердин так географиялык координатын аныктаган GPS деген система орнотулган. Аспаптын чоңдугу кадимки кол видеокамерадай жана "Скайскаут" быйыл Нью-Йорк шаарында өткөрүлгөн электрондук аспаптар көргөзмөсүндө баш байге алды.

"Хонда" компаниясы болсо эмдиги жылы "Асимо" деп аталган жаңы робот чыгарып, аны пайдаланууну пландап жатат. Алгачкы роботту фирма мындан беш жыл мурда өндүргөн жана "Асимо" - анын туундусу.

Бул жаңы робот адамга окшош, анын бою бир жарым метрге жакын жана ал ар түрдүү мекемелердин башчыларынын секретарларын алмаштыра алат. Кабыл алууга келген адамдарга ал суусундук тартуулап, аларга ар башка маалымат берип, ким кимдин артынан кириш керек деген кезектерди түзө алат.

"Хонда" андай роботтун биринчисин өзүнүн Жапониядагы "Вако" деген имаратындагы кеңседерде орнотот жана андай робот-секретарды сатып алууну каалаган башка компаниялар үчүн дагы жаңы роботторду жасап, сата баштайт.
XS
SM
MD
LG