Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:57

КИЕВ МЕНЕН МАСКӨӨ ОРТОСУНДАГЫ ГАЗ ЧАТАГЫНАН КИМ УТААР, КИМ УТУЛААРЫ БЕЛГИСИЗ


Нарын АЙЫП, Прага Украинага кетчү табигый газдын агышын 1-январда азайткан Орусия бир күндөн кийин ал агымды кайрадан калыбына келтирүүгө аргасыз болду. Бирок Маскөө түзүлгөн опурталдуу абал үчүн Украинаны күнөөлөп, Батыш Европага кетип жаткан орус газынан ал уурдап жаткандыктан, европалык мамлекеттер тийштүү деңгээлде газ албай калды деп билдирүүдө.

Киевдин айтымында, Батыш Европага кетип жаткан газдын 15 пайызын Украина транзит үчүн төлөм деп өзүнө алууга укуктуу жана ал тууралуу келишимдерде жазылган. Америкалык "Уолл стрит жорнел" гезити жазганга караганда болсо, ошол эле келишимдерде - азыркы баалар системасы 2009-жылга чейин өзгөрбөш керек деп аныкталган.

Батыш Европа жетекчилери Маскөөнү жоопкерсиздиктен күнөөлөгөндөн кийин Орусиянын "Газпром" ишканасы 2-январда куурлардагы газдын басымын кайрадан көбөйттү, бирок Украинаны ууру деп күнөөлөп, бардык жоопкерчиликти Киевке жүктөдү. Анткен менен Украинанын "Нафтогаз" компаниясынын өкүлү Эдуард Занюктун айтымында, "Газпром" калп айтып жатат: "Газпромдун жетекчилиги жөн гана калп айтып жатат. Украина аймагы аркылуу жаткырылган куурлардан уруксатсыз газ алуу аракеттери - Виктор Ющенко премьер-министр болгон жылдары эле токтотулган", - деп билдирди Занюк 3-январда.

Орус жетекчилеринин айтымында, Украина газ үчүн эл аралык деңгээлде, ар бир миң куб метр үчүн 230 доллар төлөөгө тийиш. Бирок 31-декабрга чейин Украина 50 доллардан төлөп келген жана эмне үчүн баа бир күндүн ичинде 460 пайызга көбөйүш керек экенин Маскөө түшүндүрүп бере албайт. Ал тууралуу мурда өткөн сүйлөшүүлөр учурунда Киев баанын көтөрүлүшүнө макул болгон, бирок андай жогору деңгээлге дароо эмес, бир нече жылдын ичинде жетүүнү сунуштаганда, Маскөө аны четке каккан.

Ошол эле мезгилде Орусия газдын ар бир миң куб метрин Беларуска 46 жарым долларга сатууда, ал эми Азербайжан, Армения жана Грузияга жиберилген газдын баасын 60 доллардан 110 долларга чейин көтөрдү. Балтик жээгиндеги үч жумурият үчүн баа 95 доллардан 120 долларга чейин жогорулады. Бирок эмне үчүн Украина андан эки эсе көп төлөш керек жана эмне үчүн ага берилген газдын баасы эң төмөн деңгээлден эң жогору деңгээлге чыгыш керек деген суроого да Маскөө жакшылыктуу жооп бере албайт.

Украина чатагы менен байланыштуу декабрдын аягында президент Владимир Путиндин экономика боюнча кеңешчиси Андрей Илларионов кызматынан өз ыктыяры менен кетти. Анын айтымында, газ баасынын көтөрүлүшү таптаза саясий маселе жана ага - элге жана дүйнөлүк коомчулукка аны экономикалык гана кадам деп түшүндүрүү милдети жүктөлгөндүктөн, калп айткандан көрө ал кызматтан кетип калууну туура тапты.

Австриялык "Ди прессе" гезити жазганга караганда, окшош абал 2004-жылдын башында Маскөө менен Минск ортосунда да түзүлгөн жана Беларус аркылуу өткөн газды бир нече күнгө бууп салып, Кремл президент Александр Лукащенкону - Беларус аймагы аркылуу өткөн газ куурларын Орусияга сатууга көндүргөн. Куурларга ээлик кылуудан айрылган Беларустун эгемендүүлүгү да азайды, деп жазат гезит.

Илларионовдун айтымында, Орусия азыр мамлекет эмес эле ири ишканага айланып баратат жана ал ишкананын кирешеси - бийликте турган бир ууч саясий бизнесмендерди эбегейсиз байытууда. Мунай менен газдын көтөрүлгөн баасынан пайдаланып суперкиреше алган Орусия өзүнүн тышкы карызын төлөп, анын көлөмүн 86 миллиард долларга чейин түшүрдү, бирок ошол эле мезгилде - кремлдик адамдардын ээлигиндеги компаниялар үчүн мамлекеттик бюджеттен акыркы мезгилде 30 миллиард доллар сарпталды.

Аны менен катар Киев менен Маскөө ортосундагы газ чатагы - март айында Украинада өтө турган парламенттик шайлоо менен да байланыштуу. Газга бааны көтөрүү менен Киевди багындырып, Маскөө Украина элине - анын азыркы бийлиги эч нерсеге жарабаган бийлик экенин көрсөтүүгө аракеттенген, бирок британиялык "Файненшл таймс" гезити жазгандай, Орусия өзүнүн гана эл аралык кадырын кетирип алды.

XS
SM
MD
LG