Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:11

Паспорт үстөлдөрү РИИБге өткөрүлөт


БИШКЕК. Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдү тейлөө тармагы коррупцияга батып кеткендиктен жакында социалдык жарылуу ыктымалдыгы бар болчу. Мындай пикирин Бишкек шаардык кеңешинин спикери Нуржамал Байболова Азаттыкка билдирди. Анын айтымында, башкалаанын тургундарынан Бишкек шаардык кеңешине арыз- даттануулар көп түшкөндүктөн атайын депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссия өз иликтөөсүн аяктагандан кийин шаардык кеңештин жаңы жыл алдында болгон 23- сессиясында депутаттар бул маселени талкуулашты. Бишкектеги көп кабат үйлөрдү тейлеген коммуналдык чарбалар 1997- жылы менчиктештирилип кеткен. Нуржамал Байболованын айтымында, азыр алар мамлекет көзөмөл кыла албагандыгынан пайдаланып мыйзамсыз иштерге барышууда. Бишкек шаардык кеңеши сессияда коррупциялык куралга айланып кеткен деп паспорттук үстөлдөрдү үй башкармалыктарынан чыгарып, райондук ички иштер башкармалыктарына өткөрүү чечимин кабыл алды.


Аба ырайы тууралуу маалымат

БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча, 4-январда күндүз Жалалабат, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Калган аймактарда кар жаашы күтүлбөйт. Түндүк-чыгыш тараптан муздак жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -19...-24, күндүз -8...-13 градус суук.
Таласта түнкүсүн -18...-23, күндүз -7...-12 градус.
Жалалабат, Баткен, Ош аймактарында түнкүсүн -10...-15, күндүз -2...-7 градус суук.
Ысыккөлдө түнкүсүн -10...-15, күндүз -3...-8 градус.
Нарын облусунда түнкүсүн -26...-31, күндүз -14...-19 градус.
Бишкекте кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -21...-23, күндүз -11...-13 градус болот.


Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Чолпон Орозобекова, Шайырбек Эркин уулу жана облустук кабарчылар даярдашты.


Редактору Кубат Чекиров

XS
SM
MD
LG