Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:37

ЕВРОПАНЫН ЭСКЕРТҮҮСҮНӨН КИЙИН ОРУСИЯ МЕНЕН УКРАИНА ГАЗ БОЮНЧА ЖАҢЫ КЕЛИШИМ ТҮЗДҮ


Нарын АЙЫП, Прага Орусия менен Украина ортосунда чыккан газ чатагы жана анын айланасындагы маселелерди Европа Биримдигине кирген мамлекеттердин өкүлдөрү 4-январда Брюссел шаарында жолугуп талкууга алуунун алдында эки мамлекет мунасага келди. Маскөө өз газын Украинага түз эмес, биргелешкен орус-украиналык ишканага берет, ал болсо кийин газды Украинага сатат.

Орусия менен Украина ортосунда чыккан газ чатагынан улам 1-январда Маскөө Украинага газ берүүнү токтоткону тууралуу жарыялаган. Бирок Украинага жана анын аймагы аркылуу Европага кеткен газ бир куур аркылуу аккандыктан, анын кайсы бөлүгү Украинаныкы, кайсынысы башка мамлекеттердики экенин бөлүп айырбаштоо кыйын. Ар бир мамлекет ага тийиштүү газдын көлөмүн ал куурдан бөлүп өзүнө ала берет.

Украина жетекчилигинин айтымында, газдын транзити үчүн төлөм катары ал өзүнө ошол газдын 15 пайызын алууга укуктуу болчу. Андан тышкары, Киев түркмөн газын сатып алуу тууралуу да келишим түзгөн, бирок ал газ дагы орусиялык куурлар аркылуу өткөндүктөн, тийиштүү көлөмдү Украина өз аймагы аркылуу жаткырылган куурдан бөлүп алган, натыйжада газ басымы азайган жана европалык мамлекеттер тийиштүү деңгээлден төмөн газ алып калган.

Маскөө дароо Украинаны күнөөлөп, ал Европага кете турган газдан уурдап жатат деп билдирген, бирок европалык мамлекеттер келишимди Маскөө менен түзгөндүктөн, өз нааразылыгын орус өкмөтүнө билдирди жана Брюсселдеги жыйынга Орусия менен Украинанын да өкүлдөрү чакырылды.

Лондон шаарындагы кубат маселелери боюнча борбордун эксперти Жулиан Линин айтымында, мынчалык опурталдуу чечимдин кесепети кандай болоорун Маскөө түшүнбөгөн сыяктуу: "Менин оюмча, европалык мамлекеттердин пикири кандай болоорун Орусия жете баалаган эмес. Мүмкүн, газдын көлөмүн кыскартуу тууралуу чечимди 'Газпром' ишканасы өзү, Тышкы иштер министрлиги же башка өкмөттүк уюмдар менен жетиштүү деңгээлде акылдашпастан кабыл алган", - деди Ли 3-январда.

Анткен менен маселе Тышкы иштер министрлигинин гана эмес, президент Владимир Путиндин дэңгээлинде да талкууланганын унутпаш керек. 9-декабрда шашылыш өкмөттүк жыйын өткөрүп, орусиялык газдын ар бир миң куб метри үчүн Украина 200 доллардан ашык төлөш керек деп алгач Путин өзү жарыялаган жана Украина газ үчүн аз төлөп жаткандыктан, "Газпромдун" кирешеси үч жарым миллиард долларга азайды деп билдирген. Кийин Путин 30-декабрда дагы маселеге кийлигишип, Орусия Украинага үч жарым миллиард доллар насыя берүүгө даяр деп жарыялаган. Бирок президент Виктор Ющенко андай сунушту четке каккан, украиналык министрлер болсо - эгер Орусия газ агымын азайтса, маселе эл аралык сотто каралат деп эскерткен.

Газдын агымы чындап эле азайтылганда маселе эл аралык деңгээлге чыкканда Маскөө 2-январда газдын көлөмүн кайрадан көбөйтүүгө аргасыз болду, Брюсселдеги жыйын алдында болсо, 4-январга караган түнү Маскөөдө "Газпромдун" жетекчиси Алексей Миллер жана Украинанын "Нафтогаз" ишканасынын башчысы Алексей Ивченко жолугуп, жаңы келишимге кол койду.

Анын шарттарына ылайык, орусиялык газ эми Украинага түз эмес, биргелешкен орус-украиналык "Росукрэнерго" деген ишканага ар бир миң куб метри 230 доллардан сатылат. Ошол эле ишкана Түркмөнстандан жана башка булактардан өзүнө башка да газды алда канча төмөн баада сатып алат, топтолгон газды болсо Украинага 95 доллардан сатат. Аны менен катар Украина аркылуу Европага кеткен газдын транзити үчүн Орусия эми Украинага мурдагыга караганда 50 пайызга көп төлөйт.

Келишим 1-январдан тартып күчүнө кирет деп жазылган, ошондуктан газ агымынын 1-2-январдагы азайышы жана Украинаны маскөөлүк жетекчилер ууру мамлекет деп атаганы болгон эмес сыяктуу.

XS
SM
MD
LG