Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:31

КЫРГЫЗСТАНДЫК ЗЫЯРАТЧЫЛАРДЫН АЛДЫ МЕКЕГЕ ЖЕТИП ЖАЙГАШТЫ


Кыргызстандан ажылык сапарга аттанган зыяратчылардын алды Меке шаарына жетип барып жайгаша баштаганын Кыргыз өкмөтүнүн Сауд Арабстандагы ажылыкты уюштуруу боюнча штабы билдирди. Быйыл ажылык сапарга Кыргызстандан 5000 киши жөнөгөн. Алардын 1600 самолёт, 3400 автобус менен жөнөшкөн.

Ушул ишемби күнү «Азаттык» Сауд Арабстандын Мекке шаарында уюштурулган Кыргызстандын ажылык штабы менен телефон аркылуу байланышууга мүмкүнчүлүк алды. Суроолорго оболу штабдагы Кыргызстан мусулмандар муфтиятынын өкүлү Марат-ажы Усупов жооп берди.

- Марат-ажы, азыр сиздер кайсыл жерде туруп атасыздар?
-Азыр биз Мекке шаарынын Айнуска деген мейманканасындабыз.
-Ошо мейманканада Кыргызстандан канча киши бар?
-Азырынча 93 адам жайгашты. Булар самолёт менен келгендер.
-Кыргызстандан автобус менен жөнөгөндөр жетип атабы?
-Бүгүнкү күнгө 6 автобус келип, адамдары бүт мейманканага жайланышты.
-Жалпысы канча автобус барыш керек?
-90 автобус.
-Кайсы күн, кайсы убакытка жетиш керек акыркылары?
-Акыркылары Мединадан зыярат кылып туруп эле, Арафат тоосуна чыкса болот.

Меке шаарындагы Кыргызстандын ажылык штабынан Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы дин иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин жооптуу кызматкери Даут Абы уулунун телефон аркылуу берген маалыматына караганда штабда агенттик менен муфтияттан башка саламаттыкты сактоо министрлигинин, ички иштер министрлигинин, тышкы иштер министрлигинин, улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү бар:

- Иш башталганына үч күн болду. Келген ажыларды жайгаштыруу иштери менен жүгүрүп жүрөбүз азыр. Кыргызстандан 1600 киши самолёт менен учуп чыккан. Баарысы тең жайгашып бүттү,- деди Даут Абы.

Штаб өкүлдөрүнүн айтымында Сауд Арабстандын ажы министрлиги менен түзүлгөн келишим боюнча Кыргызстандан баргандар баарысы тең мейманканага жаткырылат. Мурдагыдай автобуста, мечитте түнөөчүлөр болбойт.Бирок, ушундай ыңгайлуу шарттар бар экенине карабастан Кыргызстандан барган зыяратчылардын ичинде жол сапарынан улам ден-соолугу бузула түшкөн жарандар да жок эмес.

-«Жол азабы – көр азабы» дейт эмеспи. Жашы улгайган апаларыбыз, аталарыбыз көп. Андыктан өзүн начар сезгендер жок эмес,- дейт Даут Абы. -Бүт кыдырып, дарыгерибиз Акбаралы Махмадиев текшерип, дары-дармек таркатып жүрөт

Мындан мурдараакта ошо Мекеде бир мейманкана кулап кетип, бир нече адам набыт болгондугу тууралу кабар тараган эле. Алардын арасында Кыргызстандан эч ким жок экен.
-Кечээ барып, так маалымат алганга жетиштик. Ал жерде 76 киши каза болуп, 62 киши оор жаракат алган, 41 кишини куткарып калышыптыр. Дагы 40 адамдын кайсыл мамлекеттин атуулдары экендиги такталбай жатат. Ишеничтүү айта алабыз, Кыргызстандан эч ким жок ал жерде,- деди Мекедеги Кыргызстандын ажылык иштер боюнча штабынын өкүлү Даут Абы.
XS
SM
MD
LG