Ядролук иликтөө иштерин кайра баштаганы жаткан Тегерандын билдирүүсүн комментариялап, Австриянын канцлери Вольфганг Шюссель Ирандын мунаса тапкандан качып жатканы Евросоюзду өзгөчө камтама кылып жатканын белгиледи. Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер Ирандын аракети салака-сабырсыз калбайт деп эскертти. Вашингтондо Ак үйдүн өкүлү Скотт Макклеллан Ирандын маселеси Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңешине берилиши мүмкүн экенин кайталап эске салды. Россиянын коргоо министри Сергей Иванов болсо Батыш менен Ирандын ортосунда куралдуу жаңжал болбой тургандыгына үмүт билдирди.