Андан соң шайтанга таш атышат. Кечээ эки миллиондон ашуун мусулмандар Арафат тоосунда болушту. Сауд Арапстандын азирети муфтийи шейх Абдул Азиз ал-шейх Арафат тоосунун өндүрүндөгү мечитте даават айтып,Батышты терроризмге каршы күрөшкө жамынып исламга жана ислам маданиятына каршы согуш жүргүзүп жатканы үчүн айыптады.