БИШКЕК. Президент Курманбек Бакиев 13-январда Бишкектеги Сагынбай жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишине курулуучу 90 жана 27 квартиралуу жана Жал кичи районуна курулуучу 45 квартиралуу эки үйдүн пайдубалын түптөө аземине катышты. Бул төрт турак-жай укук оргоо органдарынын жана мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерине берилмекчи. Президент Бакиев бул күнү пайдубалы түптөлгөн үйлөр ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында пайдаланууга берилээрин, кийинки жылы муниципалдык турак-жай камсыз кылынааарын белгиледи. Бул тууралуу ушул эле күнү президенттин маалымат кызматы кабарлады.