Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:34

МАСКӨӨДӨ СЫЙЫНУУ ҮЧҮН СИНАГОГАГА КЕЛГЕНДЕРГЕ КОЛ САЛГАН КИШИ КАМАККА АЛЫНДЫ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Маскөөдө шаршемби күнү жөөттөрдүн синагогасына кол салган деп айыпталып жаткан киши 13-январда сот залынан камакка алынды. 20 жаштагы Александр Копцев деген бул киши шаршемби күнү жөөттөрдүн ыбаадатканасына (диний сарайына) кирип барып, 9 кишини бычактап салган. Алардын бешөө азыркыга дейре ооруканада жатышканы айтылууда. Шаардык прокурор Александр Зуев жума күнү Копцевге Орусиянын Кылмыш кодексинин үч беренесине ылайык кине коюп, аны камакка алуу сунушу менен чыккан. Сот бул сунушту колдоого алды. Алдын ала жүргүзгөн тергөө учурунда Копцев кылмышты жөөттөргө каршы үгүттөлгөн китептерди окуп, ошондой эле интернет сайттарга тасирленип, бул кылмыш ишине барганын айткан. Маскөөнүн мэри Юрий Лужков болсо синагогдорду кайтаруу чаралары күчөтүлгөнүн билдирди.

Орусиянын ордо калаасында жөөттөр сыйынуучу алты синагога бар. Алардын ичинен Чоң Брондук (Большая Бронная) көчөсүндөгү синагогага шаршембиде (11-январда) маскөөлүк 20 жаштагы Александр Копцев аттуу жигит кирип барып, бейкапар турган бейкүнөө кишилерге кол салган.

Ал коюнуна катып кирген мергенчилик бычагы менен 9 кишини жарадар кылган.

Маскөө шаардык прокурору Анатолий Зуевдин бышыктаганына караганда:

«Копцев ар бир бычак шилтөөсүн улуттук жана диний жек көрүүчүлүк кыйкырыгы менен коштоп жасаган».

Ошондон соң ыбаадатканадагы кишилер Копцевдин өзүн жерге жыгып, өз бычагы менен аны желкеге сайып, жарадар кылышкан. Ошентип ал кечте синагогадан кылмышкерди кошо эсептегенде он киши ооруканага жеткирилген.

«Газета» басылмасы жазганга караганда: «кишилерди бычактаганы келген улан чачы тасырайта алынган, тери куртка кийген нагыз скинхэд болгон».

Бирок ырасмий чөйрө, маселен, баш калаа милициясынын өкүлү: «Александр Копцевдин улутчул уюмдарга тийиштиги бар деген маалымат жалган. Анын эч кандай улутчул жана фашисттик уюмдарга тийиштиги жок», - деген маалымат таркатты.

Орусиянын иудейдик дининин башкы раввини Берл Лазардин баамында, фашизм мүдөөсү үгүттөлгөн өлкөдө коомчулук акыры ушул өңдүү кайгылуу окуяга кириптер болушу ажеп эмес:

«Бул - биз угуп келе жаткан “Орусия – орустардыкы!” ураанынын кесепети. Эгерде андай үгүт кабылданбаган болсо, анда эч ким (синагогага) мындай батымдуулук менен кол сала алмак эмес», - дейт орусиялык жөөттөр жамаатынын жетекчиси.

Орусиялык улутчул кыймылдар болсо бул окуяга карата эки башка жооп айтышты. Биринчиден, аны бийлик өзү жүргүзгөн чагым деп, экинчиден, бул кол салуу – алиги уландын жеке демилгелүү аракети деп баалашты.

Маселен, орусиялык улутчул «Черная сотня» уюмунун жетекчиси Александр Штильмарк «Азаттыктын» кабарчысы менен болгон маегинде мындай деди:

- Патриоттун түшүнүгү менен алганда – синагогага кол салуу же раббинди токмоктоо ж.б. – бул душмандын тегирменине суу куюуга тете болот. Мындай иш биздин кишилердин колунан келбейт. Бул аракет, эгерде, бизге жаманаттысын калтырыш үчүн атайын кызматтагылар жасаган чагым болчу болсо, анда ал - эң балит иш.

Орусиянын саясий коомчулугу «бул кол салуу Орусия Чоң сегизге төрагалык кылып аткан жылы бетке чиркөө болуучу көрүнүш» деп сын айтышууда.

Адам укугун коргоочу уюмдар муну бийликтин шалакылыгынан деп айтышууда. Жергиликтүү мусулмандардын таанымал инсаны Талгат Тажуддин:

- Бул карасанатайлыкты – мусулман, иудей, православиелик же атеист киши жазабасын, биз аны чечкиндүү түрдө айыптайбыз, - деп РИА Новости агенттигине билдирди.

Батыш болсо Орусияда кийинки учурда антисемитчилик менен улутчулдук күчөп олтуруп, олуттуу коркунуч туудура турган чекке жетип калганын Маскөөгө эскертип келет.

Ал эми президент Владимир Путин болсо андай жосунсуз көрүнүштөр менен чечкиндүү күрөшө тургандыгын айтты. Маскөөнүн мэри Юрий Лужков болсо синагогаларды кайтарууну күчөтүү чаралары көрүлүп атканын билдирди.

Дүйнө коомчулугу Копцевдин синагогага кол салуусун терең айыптап чыкты.
XS
SM
MD
LG