Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:35

КУШ ТУМООСУНАН КАНТИП САКТАНАБЫЗ?


Жаңыл Жусупжан кызы, Прага Дүйнөдө бүгүн куш тумоосунун коркунучу тууралуу көп сөз болуп жатат. Бирок андан кантип сактануу керек? Ушул суроо менен Азаттык радиосу жугуштуу ооруларды дарылаган адис Эндрю Павияга кайрылды. Доктор Павия АКШнын Ута университетинде жаш балдардын арасындагы жугуштуу оорулар бөлүмүн жетектейт жана Жугуштуу оорулар коомунун улуттук саламаттык комитетинин төрагасы болуп иштейт.

Куш тумоосу азырынча куштан адамга гана жугат, ал оору адамдан адамга өткөн учурлар кездеше элек. Ушундан улам, бул ооруга көбүнчө оорулуу кушту кармаган адамдар туш келишүүдө.

Бүгүнгө чейин куш тумоосун канаттуулардан, адатта ылаңдаган үй-канаттуусунан жуктуруп алып келатышат. Ооруп калгандар үйдө тамакка деп союлган тоок жана башка канаттуулардан жуктуруп алышты. Адаттан тышкаркы учурлар жок эмес. Короздорду уруштурган киши ылаң болгон корозунун тумшугунан кан аралаш былжырын жалап, соргон экен. Ошол эле мезгилде канаттуулар менен кандай контакт коркунучтуу, кайсынысы коркунучсуз экендигин биз билбейбиз. Азырынча, негизинен адамга колдо багылган тооктон жана каздан жугуп жатат,- дейт Доктор Павия.

Маектешибиздин айтымында, бүгүнгө чейин жапайы канаттуулардан оору жуккан учурлар болгон эмес, бирок мисалы жапайы өрдөк-каз аткан кишинин ооруп калышы толук мүмкүн, болгону буларга караганда, үйдө ылаң тоокту кармаган кишилердин саны алда-канча көп.

-Албетте куштун канжалаган жараатын ар ким эле жалай бербейт, бирок ылаң болгон каз-тоокко такыр эле жолобош керекпи деген суроо туулат?

-Ылаңдап калган, же ылаңдын тарашын алдын-алуу үчүн жок кылынган канаттуулардан айрыкча сактаныш керек дейт Доктор Павия. Канаттууларды союп жок кылган жумушчулар адатта желим кол кап кийип, беттерин чүмбөттөп жүрүшөт, атайын баштан аяк коргоочу костюм кийишет, иштен кийин колдорун жуушат. Бул чаралар адатта жетиштүү.

- Ал эми канаттуулар фермасына жакын жашасаңызчы?

-Буга биз бардык жоопту таба элекпиз, бирок канаттуулар фермасына жакын жашагандан коркунуч жоктой. Башкача айтканда, вирус түздөн түз оозго кирмейинче, ылаң болгон кушка кокусунан колуңуз тийип калса, же куш тумоосуна чалдыккан киши менен кол алышсаңыз, мындан оору жуккан учурлар каттала элек.

- Ал эми ылаңдаган тоокту союп жегендер ооруп калышы мүмкүнбү?

- Бул тууралуу көп кооптонуулар бар, бирок жакшылап бышырылган тооктон бирөө ооруп калган учурлар кабарланган жок, ошентсе да, буга дарыгерлер этиеттик менен карап жатышат. Ал эми чала бышкан жумурткадан куш тумоосуна караганда, салмонеллез сыяктуу ооруну жуктуруп алыш оңойураак шекилдүү.

- Ылаң куш кармалган жердин топурагында коркунуч барбы?

-Куштун тумоосуна караганда, салмоналез сыяктуу бактериялар тооктун кыгында көбүрөөк сакталат. Тумоо көпкө чыдабайт, канаттуулар болгон жерде жумалап, же айлап сакталбайт. Сууда да көпкө кармалбайт.

Ошону менен, канаттуунун сасык тумоосу негизинен канаттуунун өзүнөн жугат, азырынча, бул оору адамдан адамга жуккан учурлар каттала элек, бирок куш тумоосунун вирусу акырындап өзгөрүп жатат, ал бара-бара адамдам адамга жуга башташы мүмкүн. Азыр адистерди дал ушул маселе катуу ойлондуруп жаткан кез.

XS
SM
MD
LG