Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:24

Подполковник Садырбековдун өлүмү үй бүлөлүк чыр-чатакка байланыштуу деген божомол төгүндөлдү


БИШКЕК. Коргоо министрлигинин Жогорку аскер окуу жайынын башчысынын орун басары, подполковник Эрик Сабырбековдун өлүмүнүн үй-бүлөлүк чыр-чатактар менен эч кандай байланышы жок. Мындай билдирүүнү шаршембиде маркумдун жубайы Венера Сабырбекованын туугандары жасады:

- Ал кайсы оперативдүү маалымат? Ким айтты аны, Ивановбу, Петровбу, фамилиясы барбыдеп сурадык. Анан жөн эле кошо бересиңерби десек, билбейбиз, күзөттөн айтышты дешет. Айылча сөз болуп атат да,-
деди маркумдун аялынын тууганы Карымшаков Марат.

Мындан бир күн мурда Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы оперативдүү топтун рапортторунун негизинде Сабырбеков гараждан автоунаасын айдап чыгып баратканда жарылуу болгондугу жана өзүн-өзү жардыргандыгы тууралуу эки түрдүү божомол тараткан. Маалымат кызматтын башчысы Абибилла Пазылов Сабырбеков өзүн-өзү жардыргандыгы тууралуу божомол далилденбегендигин 18-январда кабарлады. 17-январь күнү эртең менен подполковник Сабырбеков автоунаа токтотуучу жайда болгон жардырууда набыт болгон. Жардыруунун себептери аныктала элек.

XS
SM
MD
LG