Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:42

Жалалабаттагы бүгүнкү кырдаалдан эки тарап тең жоготуусуз чыга албайт


БИШКЕК. Мындай пикирин “Азаттыкка” Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев 22-январда билдирди. Анын пикиринде, бул окуя өлкөдө элдин ишенимине ээ легитимдүү бийликтин жоктугунан кабар берет.
- Аскар Акаевдин кадрларын жолотпо деп эл суранган сайын бийлик өчөшүп ошолорду койчу болду. Таласка алып барган киши деле 15 жылдан бери Акаевдин колтугунда жүргөн адам да. Азыр эл ишенимине ээ легитимдүү бийлик жоголду,- дейт Өмүрбек Текебаев. Жогорку Кеңештин депутаты Мелис Эшимкановдун пикиринде болсо, бул өтө коркунучтуу белги:
- Революциянын экинчи этабы келатат. Өтө коркунучтуу кырдаал түзүлдү. Бакиев 10 ай ичинде кетирген каталарын алдыга коюп, саясий элита менен кеңешип, өзгөрүүлөргө бет алышы керек. Ушул жол менен кете берсе март айында кайра кандуу жаман окуя болуп кетиши ыктымал,- дейт Мелис Эшимканов.
Президенттин маалымат кызматы буга чейин билдиргенге караганда, Жусупжан Жээнбеков Талас облусуна ротация кылуу ниети менен бул кызматтан алынган. Бирок бул маалыматка Жусупжан Жээнбеков өзү ишенбестигин Азатыкка билдирди.
Жусупжан Жээнбеков Жалалабат облусунун губернатору кызматынан 19-январда президенттин жарлыгы менен алынган.

XS
SM
MD
LG