Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:10

Кореяда Кыргызстандын элчилиги ачылды


БИШКЕК. Корея Республикасында Кыргызстандын консулдугу ачылды. Консулдук жетекчилигине Мирбек Эшалиев дайындалды. Буга чейин ал Тышкы иштер министрлигинин кеңешчиси болуп иштеген. Корея ушуну менен Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөру бар 22чи мамлекет болот. Кореядагы консулдуктун башкы максаты – Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы экономикалык, соода жана маданий кызматташтыктарды өнүктүрүү болуп эсептелет.
Аба ырайы

БИШКЕК. Бишкектеги метеорологиялык борбордон алынган маалыматка караганда, 24-январда республика боюнча ала булут каптап турат. Күндүз кар жаашы күтүлбөйт. Түнкүсүн айрым облустарда кар жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз -2...+3 градус.
Ысыккөл, Талас аймактарында түнкүсүн -4...-9, күндүз -3...+2 градус болот.
Жалалабат, Баткен, Ош облустарында түнкүсүн -7...-12, күндүз
-1...+4 градус.
Нарында түнкүсүн -21...-26, күндүз -11...-16 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -6...-8, күндүз 0...+2 градус.

Азиза Турдуева, Аманбек Жапаров

Редактору Кубат Чекиров

XS
SM
MD
LG