Ооганстан менен чек арадагы айылдын бомбаланышына байланыштуу токтобай келаткан чуудан улам Пешавардагы провинциалдык кеңеш элчи Риан Крокерди Пакистандан чыгарып жиберүүнү караган резолюцияны бир добуштан кабыл алды. 13-январдагы Ооганстан тараптан жасалган чабуулда 13 кишинин өмүрү кыйылган эле. Резолюцияда бул чабуул айыпталып, Кошмо Штаттарынан кечирим суроо талап кылынат.