Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:09

Пакистанда аралаш марафондун мезгилинде коопсуздук чаралары күчөтүлдү


Лахор шаарында аялдар менен эркектер чогуу жарышка түшкөн марафонду исламчылар үзгүлтүккө учуратабыз деп эскертишкен. Лахордо 9 миңдей тартып коргоо күчтөрү жайгаштырылды. Полиция исламчыл активисттердин бир катарын камакка алды.

Жарышка Африкадан, Азиядан жана Европадан келген 10 миң чакты киши, анын ичинде 2 миң аял спортчу катышууда. Былтыр исламчылар Лахордон түндүктөгү Гуж Ран Вала шаарында аралаш марафондун катышуучуларына кол салышкан эле.

XS
SM
MD
LG