Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:57

Пирамидага ээлик кылуучулар мыйзамсыз аракет кылышканбы?


БИШКЕК. “Пирамида” телекомпаниясына ээлик кылууну “Инвест Тел” менен “Медиа-Инвесттин” кожоюндары Баканов менен Саркишев деген эки адам болуп чыкты. Бирок алар Кыргызстандан чыгып кеткенине бир топ жыл болуптур. Укук крогоо кызматтары менен да издеп тапкан жокбуз. Ал эми документтерде коюлган кол белги да жасалма болуп чыкты. “Инвест Тел” менен “Медиа-Инвест” Вергинский аралдарда катталган мекеме экен. Бул тууралуу депутат Кубатбек Байболов 3-февралда парламенттин отурумунда билдирди.
Анын айтымында, “Пирамида” теле компаниясына байланыштуу атайын түзүлгөн депутаттык комиссиянын иликтөөсүндө “Инвест Тел” менен “Медиа-Инвест” юридикалык компаниялардын уюштурулушу бүдөмүк болуп чыккан. Ал эми талаш маселелерге сот чекит коюшу керек. Депутаттык комиссия 9-декабрда “Пирамида” телеканалын басып алууга аракет кылгандарды иликтөөнү Ички иштер министрлигине тапшырды.

XS
SM
MD
LG