БИШКЕК. “Кыргызполиграфкомбинат” акционердик коомунун эмгек жамааты 103 адам кол койгон кайрылууну президент Курманбек Бакиевге 5- февралда жөнөттү. Анда Башкы прокуратура жана Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан аталган ишканага ырааттуу жана атайын басым жасалып аткандыгы айтылат. Кайсы бир адамдардын кызыкчылыгы менен жасалып аткан комбинатты жасалма жол менен социалдык жана моралдык кыйроого алып келүү аракеттерин токтотуп калыңыз деп жазышат. Аталган ишкананын жетекчиси Өмүрбек Шаршеналиев учурда чочун мүлктү өзүнө ыйгарып алган деп айыпталууда. Кайрылууда айтылганга караганда, ал жеп алды деген 178 миң сомго комбинат үчүн жабдуулар алынып келинген.
Аба ырайы
БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча, 6-февралда Кыргызстандын айрым облустарында жаан-чачын болот. Батыш тараптан сыдырым жел жүрөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0...+5, күндүз +6...+11 градус.
Таласта түнкүсүн 0...+5, күндүз +5...+10 градус болот.
Жалалабат, Баткен, Ош аймактарында түнкүсүн -1...+4 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн 0...-5, күндүз 0...+5 градус.
Нарын облусунда түнкүсүн -7...-12, күндүз 0...-5 градус.
Борборубуз Бишкекте жаан-чачындын болушу күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +1...+3, күндүз +7...+9 градус болот.
Чолпон Орозобекова, Бишкек
Редактору Кубат Чекиров