Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:09

«ИСКРАДА» КУРЧУГАН КЫРДААЛ. БИЙЛИК ТӨРҮНДӨ ЫДЫРАГАН ЫНТЫМАК


Президент Курманбек Бакиевдин өткөн жума күнү Жогорку Кеңешти сындап сүйлөшү коомчулукта ар кыл пикилерди жаратты. Эки лидердин бирин бири күнөөлөгөнүн саясатчылар Бакиев –Кулов тандеминин ыдырап барткандыгы менен түшүндүрүшүүдө.

Президент менен премьер-министрдин мына ушундай пикирлерди чечкиндүү айтышы бир топ саясатчылар арасында, массалык-маалымат каражаттарында Бакиев -Кулов тандеми кыйрады, тандемге
жарака кетти деген пикирлерди жаратты. Муну "Асаба" улуттук кайра жаралуу партиясы да билдирди.

“Президенттин ар бир сөзүнөн эле кыйкым таап, ар бир сүйлөмгө компромат издей берүү керекпи?”, деп жазат “Заман Кыргызстан” гезити жума күну чыга турган санында. Макала автору Абдыкерим Муратовдун жазганына карганда, мамлекет башчы Курманбек Бакиевдин "Жогорку Кеңеш барган сайын
саясый чыр, талаштардын жайына, өлкөдө туруксуздук кырдаалын түзгөн очокко айланууда" деген сөзү парламент мүчөлөрүн да, мамлекет башчысын да,жалпы коомчулукту да ойлонтпой койбойт.

Бул маселе боюнча “Жаңы кылым”гезитинде да макала орун алды. Автордун пикиринде, Жогорку Кеңешти президент сындап койду деп азыр аларга да жабыша берүүнүн эч кандай пайдасы жок.

“Мамлекеттик бийликтин бир бутагы болгон Жогорку Кеңешти жалпы эл шайлаган. “Тигинтип койду, минтип койду” деп жаш баланын таарынганындай тамашанын кереги жок. Ал эми президенттин мамлекет башчысы катары бардыгынын кемчиликтерин, жаңылыштыктарын көрсөтүп айтууга, андан жыйынтык чыгарууну талап кылууга акысы бар”, деп жазат “Жаңы кылым”гезити.

Ал эми “Республика” гезити 8-февралдагы санында жазгандай, президенттин өткөн жумада парлментте сүйлөгөн сөзүн көпчүлук массалык маалымат каражаттары “үйдө ким кожоюн”деген позициясын көрсөттү деп мүнөздөмө беришти. Макала автору Татьяна Попованын жазышынча, мамлекет башчы менен өкмөт башчынын кат аркылуу сүйлөшүү жүргүзүшү бир кыйла кызык көрүнөт. “Эгерде премьер өзүн өзү актагысы келсе, анда кат жазып отурбай эле оозеки түрдө айтса болот эле. Премьердин каты тандем кыйрап бара жатканын көрсөтүп турат”, деп жазат автор.

Бул апта ичинде дагы бир маанилүү окуялардын бири-Чүй районунун Искра айылындагы чыр-чатак болду. Окуя 5-февралда жергиликтүү Интернет кафедеги балдардын мушташынан башталган. Дунган балдар эки кыргыз баланы токмоктоп коюшканда эртеси күнү коңшу айылдагы кыргыздар дунган үйлөрүнүн терезелерин талкалап, кээ бирлеринин чөбүнө өрт коюшкан. Расмий өкүлдөрдүн билдиргенине караганда, азыр айылда абал тынч. Коомдук тартипсиздик, массалык бейбаштык байкалбайт.

“Жаңы кылым”гезитинин жазганына карганда, биринчи кезекте бул окуяга себепкер, демилгечи болгондор кайсыл этноско таандык экендиктерине карабастан мыйзамга ылайык жазалануулары керек,айрымдардын сугат жерлерди бөлүштүрүүдө адилетсиздиктер болгондугу жөнүндө айткандары чын болсо, ал да ордуна келтирилиши зарыл. Бул окуя тууралуу кеңири маклалар “Заман Кыргызстан”, “Республика” гезиттеринде да орун алды.

Белгилей кетчү жагдай, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 100 миңге жакын дунган улутундагы адамдар жашайт. Ал эми КМШ өлкөлөрү боюнча жалпы саны 200 миңге чукулдап барат.
XS
SM
MD
LG