Линктер

дүйшөмбү, 25-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:49

Тоолуу- Карабах чатагын жөндөө боюнча сүйлөшүүлөр Парижде башталды


Бул максатта француз башкалаасына Азербайджан менен Армениянын президенттери Ильхам Алиев жана Роберт Кочерян келишти. Алар оболу француз президенти Жак Ширак менен өз -өзүнчө кездешип, андан соң ич-ара сүйлөшүүлөрүн баштады. Карабах жаңжалы чыкканына быйыл 18-жылдын жүзү болду. Учурда сүйлөшүүлөр өтүп жаткан Франция - АКШ, Орусия менен катар ЕККУ уюмунун сүйлөшүүлөргө ортомчулук кылуу максатында уюштурулган Минск тобунун мүчөсү. Азербайджан менен Армения ок атышууну 1994-жылы токтоткон. Согуш учурунда 30 миңдей адам өмүрүнөн айрылып, 1 миллиондой киши үй-жайынан безген. Тоолуу - Карабах Азербайджандын саны жагынан армяндар басымдуулук кылган аймагы эле.
XS
SM
MD
LG