БИШКЕК. Бул жөнүндө Текебаевдин 13-февралда таркатылган билдирүүсүндө айтылат. Андагы маалыматка караганда жума күнү президент Курманбек Бакиев менен премьер министр Феликс Кулов Текебаевдин кызматтан кетишине кызыкдар экендигин кыйытышкан. Мунун бир себебин Текебаев тандемдин аткарылышын талап кылган өзүнүн тынымсыз кескин сын-пикирлери менен байланыштырган. Текебаев өзүнүн кетиши бардык саясий лидерлерге, жаштарга сабак болуп калышын каалайт. Анын оюнда ар бир сөзү, иши үчүн хандан жаш адамга чейин жооп бериши керек.
Текебаев Бакиевдин дарегине айткан сөзүн маңызы боюнча туура, формасы жагынан ката деп эсептейт