Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:39

ТЕКЕБАЕВДИН АРЫЗЫ, КҮТҮЛГӨН ОКУЯНЫН КҮБҮРЛӨРҮ


Парламент спикери Өмүрбек Текебаевдин кызматтан кетүү тууралуу арызы кыргыз басылмаларындагы кызуу талкуу жараткан темага айланууда.

Спикер Өмүрбек Текебаевдин дагы бир жолу кызматтан кете турганын жарыя кылганы парламенттеги чоң жаңылык болуп калды, деп жазды 14-февралдагы «Слово Кыргызстана» гезити. Төраганын ачуу үстүндө президентке карата сөз айтып ийишине 2006-жылдын бюджетин кароо учурунда өкмөт парламентке кошумча 38 миллион сом бөлүүгө макул болбой коюшу себеп болуптур, деп маалымдайт гезит кабарчысы К.Аскерова.

Автордун айтуусунда, окуянын мындан ары кандай нукта өнүгүшүн так болжош кыйын. Азырынча фракциялардын кандай позицияны карманышары белгисиз, депутаттардын көпчүлүгүн түзгөн ишкерлердин саясий кызыкчылыгы кандай экени да дайын эмес.

Жогорку Кеңеш төрагасы менен эки орунбасары - үчөө тең кызматын таштап кетсе парламенттин таркап кетиш коркунучу чыгарын шейшембидеги «Эркинтоо» гезити да жазды.

«Спикер Өмүрбек Текебаевдин отставкасы кабыл алынбай жатып, анын ордун көздөгөндөрдүн саны көбөйгөндөн көбөйүп баратат», деп маалымдайт шейшембидеги «Аалам» гезитинде Рыскелди Момбеков.

«Парламенттеги азыркы кырдаал Россиянын 1993-жылдагы Мамдумасынын абалына окшошуп турат», деп жазды шейшембидеги «Жаңы кылым» гезитинде М.Дүйшөнбаев.

«Спикер менен президенттин ортосун кара мышык аралап, бул окуя спикердин отставкага арыз берүүсү менен чекит эмес, үтүр коюлуп, токтоп турат», дейт Канышай Мамыркулова шейшембидеги «Кыргыз руху» гезитиндеги «Кукловод» деген макаласында.

Өмүрбек Текебаевдин кызматтан кетүү тууралуу арыз жазышы кутумчулардын мөрөйү үстөм болуп атканын билдирерин 14-февралдагы «Вечерний Бишкек» гезитинде Эльвира Темир белгиледи.

«Ушу тапта парламентте болуп жаткан окуялар башка проблемалардын баарын артка сүрүп таштады. Коомчулук Жогорку Кеңеш төрагасы кызматынан кетеби же кетпейби суроосун талкуулап, ордуна ким келерин болжол кылууда», деп жазат шейшембидеги «МСН» гезитинде Елена Скородумова.

Азырынча саясий партиялардын биригип, саясий-коомдук процесске олуттуу таасир көрсөтөр чама-чаркы жок. Ошол себептүү башкаруунун аралаш системасы бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмакты кармап турууга азыноолок шарт түзүүдө. Кыргызстан да АКШ сындуу бийликке умтулган эки чоң саясий партияга жетишкенде гана башкаруу системасын өзгөртсө болот, деп белгилейт «Слово Кыргызстана» гезитинде Людмила Павлович.

«Өңгөнү кой, «Кулов, Текебаев дос эмес беле, бир эмес беле» дегендерди кантели. Албетте, муну менен эч кимдин карманган асманы түшүп кетпейт. Болгону бүгүнкү бийликтин жолою эзели эки болбогон эскиликти гана эске салат» деп жазат Ж.Эдигеев шейшембидеги «Агым» гезитинде.

«Бүгүн жашаш үчүн эртең өлүш керек», деп жазат шаршембидеги «Республика» гезитинде Алымбек Биялинов. Автордун ырасташынча, Кыргызстандагы бүгүнкү жагдай өткөн кылымдын 70-жылдарындагы Малайзиядагы ахывалды эске салып турат. Кыргыз реформачылары малайлардын тажрыйбасын эсепке алышса артыкбаш болбос эле.

Журналист Татьяна Попова парламент ушу тапта кысталыш кырдаалда турганын талдоого алып, андан кандай чыгуу депутаттардын саясий маданиятына жараша болоруна басым жасайт. Кырдаал оңуна чечилбесе парламенттин тарап кетиши кетиши деле ыктымал, деп белгилейт макала автору «Республика» гезитинде.

Азыркы жагдайдан улам Жогорку Кеңеш шайлоосу партиялык тизме менен өтө турган болсо калктын камы артта калып, саясий тирештин гана күнү тууп калат, деп жазат Өмурзак Акматов «Парламент деле өлкө тагдырын чечет» деген макаласында.

Демократиялык баалуулуктарды жактырган кыргыз бийлиги 2000-жылдан кийин өзгөрө баштаганын шаршембидеги «Аргументы и факты Кыргызстан» апталыгында Темир Эркинов жазды.
XS
SM
MD
LG