Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:21

КОСОВОГО БАЙЛАНЫШТУУ СҮЙЛӨШҮҮЛӨР БАШТАЛДЫ


Венада дүйшөмбү күнү, 20-февралда Косовонун статусу боюнча сүйлөшүүлөр башталды. Провинциядагы албандар менен Сербия өкүлдөрүнүн көзмө-көз биринчи жолугушуусуна Улуттар Уюмунун атайын өкүлү,Финляндиянын мурдагы президенти Марти Ахтисаари баш-көз болуп,арачылык кылып жатат.

Венадагы талкуулар эки күнгө созулат жана ал дагы көп айларды ала турган сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы болуп саналат. Байланыш тобуна кирген алты өлкөнүн –Британиянын,Франциянын,Германиянын, Италиянын, Россиянын жана АКШнын - өкүлдөрү Косово проблемасынын бир жаңсыл болуп чечилишин көздөп жатышат.

Эл аралык кризис тобунун Косоводогу кеңсесинин башчысы Александер Андерсон “Азаттыктын” кабарчысы Жереми Бранстенге телефон аркылуу Приштинадан берген интервьюсунда байланыш тобундагылар түпкүлүгүндө провинцияга көз карандысыздык берилишин эп көрө баштаганын ырастады. Косовонун эгемендиги дайыма эле колдоо-кубат таппаган чечим болуп келгени белгилүү. Мындай көз караштын өзгөрүшүнө эмне себеп болду?

Андерсон бир нече факторду атады. Эл аралык коомчулук,айрыкча Европа бул региондун баракаттуу бир “Балкан үйүнө” айланышын каалайт. Келечекте өзүнө мүчө кылып алганы Евросоюз Хорватия менен сүйлөшүүлөрдү баштоону чечти,Македонияны талапкер өлкө деп тааныды,Сербия жана Босния менен кызматташтык келишимине кол койду. Болгария менен Румыния болсо эмдиги же андан аркы жылы союзга кошулганы турат. Ушул өңүттөн алганда Косово бүтпөй калган иштей көрүнөт.

Мындан тышкары Сербиянын союздашы Россия да байланыш тобундагы мунасаны колдогонго ыкыластана баштады. Эгер Сербиядагы бүгүнкү жагдайга көз салганда, Андерсондун айтымында,азыркы саясий системага ылайык косоволук албандар Сербиянын парламентине барып, өз ордуна отурушу керек болот. Серб парламентинде, иликтөөлөр көрсөткөндөй, албандарды көргүсү жок радикалдуу өкүлдөр 40 процентке жетет. Мындай шартта кандай мунаса болушу мүмкүн? Атүгүл азыркы Сербия-Черногория союзу деле бекем эмес, андан Черногориянын жыл ичинде чыгып кетиши да өтө ыктымал болуп турат. Бу аз келсе Сербия, мисалы, Косово Улуттар Уюмуна киргенге укугу жок, провинциянын таламын бул уюмда Белград аркылуу гана туюнтуу керек деп эсептейт.

Андерсондун айтымында,байланыш тобу Косового эгемендик берилсе, мунун арты Сербиядагы саясий теңдемдин бузулушуна себеп болот, ашкере улутчулдардын бийликке келишине жол ачат деген Белграддын аргументин унуткан жок. Бирок өтө кыйын варианттардан баары бир акыры оңтойлуусун тандап алганга туура келет. Эгер Белград сүйлөшүүлөрдөн чыкса, мындай кадам ага пайда берери арсар. Бирок Брюсселде Белград кантсе да мындайга барбайт деген ишеним бар. Келечекте Евросоюзга кошулуу мүдөөсүнөн улам Сербия процессте калганга аргасыз болушу ыктымал.

Байланыш тобу ушул жылдын этегине чейин Косового байланышкан бардык маселелер талкууланып,такталып бүтүшү керек деген ойдо. Ошондон соң иш Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде каралып, Косовонун жаңы статусу боюнча резолюция кабыл алынышы абзел.

XS
SM
MD
LG