Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:10

Айдар Акаевди куугунтуктоону токтотууну талап кылган митинг өттү


БИШКЕК. 22-февралда Кемин районунун борборунда Жогорку Кеңештин депутаты, экс-президенттин уулу Айдар Акаевди колдоо митингиси өттү. Митингде сүйлөгөндөр Кемин шайлоо округунун депутаты Айдар Акаевди куугунтуктоону токтотууну, депутаттык мандатын калтырууну, депутаттын Кыргызстанга кайтып келип, иштешине мүмкүндүк түзүп берүүнү талап кылышты.
Айдар Акаевди колдоо жана коргоо комитетинин демилгесиндеги митинг өткөн жерде жалпысынан 100гө жуук киши болду. Айрым байкоочулар Айдар Акаевди жактоочулар анын жарымын түзөөрүн белгилешти.
Айдар Акаевди депутаттык мандатынан ажыратуу маселесин Жогорку Кеңеш кеминдик шайлоочулардын кайрылуусунун негизинде февраль айындагы күн тартибине киргизген. Ал эми 2005-жылдын сентябрында парламент башкы прокуратуранын сунушунун негизинде Айдар Акаевди депутаттык кол тийбестик укугунан ажыраткан.

XS
SM
MD
LG