Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:52

МАСКӨӨДӨГҮ КЫЙРАГАН БАЗАРДА НАБЫТ БОЛГОНДОРДУН АРАСЫНДА КЫРГЫЗ АТУУЛДАРЫ ЖОК


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Маскөөдө кечөө үстү түшүп кеткен баздардын урандылар астынан кишилерди куткаруу иши бүгүн токтотулган. Орусия чукул кырдаалдар министрлиги маалымдаганга караганда, ал каргашадан, 57 киши набыт болуп, 32 киши жараат алышкан. Ооруканаларга жеткирилгендер эсеби 23 деген. Басман базары дегинкиси иммигранттар эмгек эткен соода түйүнү болгон экен. Кыйроо болгон жерде кыргызстандыктар жок экендигин "Азаттыктын" кабарчысы жүргүзгөн иликтөө көрсөттү.

Маскөөдө бейшембинин таңында үстү түшкөн Басман базарынын уранды арасынан тирүү калгандарды издөө токтотулганын МЧС штабынан өкүлү билдирген. ИНТЕРФАКС агенттигине кечөө айткан жообунда ал өкүл: «эми тирүү калган кишилерди табуу такыр мүмкүн эмес», - деген.

Мурунку күнү орусиялык биринчи мамлекеттик сыналгы таркаткан маалыматта базардын үстү түшкөндө ичте кеминде жүздөй киши болгон делди эле.

Ошол эле учурда шаар башчы Юрий Лужков журналисттерге Басман базарынын кыйрандысын ташып чыгып, ал жерди тазалоо төрт-беш күнгө созулат деген.

Кечөө, бир күн ичинде уранды арасынан табылган сөөк ондоп саналды эле. Орусия ордо калаасында 33 базардын баары тең дегинкиси мурдагы советтик жумурияттан чыккандар колунда болуп келет. Айтмакчы, Басман базарында соода кылгандар дээрлик азербайжандыктар, өзүбектер жана саал тажиктер болгонун айтышат.

Мурунку күнү «Вести» сыналгы таркаткан маалыматта ал базарда кыргызстандыктар да болушкан делинди.

Мунун чын төгүнүн аныктоо үчүн Кыргызстандын Маскөөдөгү баш консулу Төлөн Тургунбаев менен сүйлөштүк. Адегенде эле ал базарда деги кыргыз жарандары иштептирби деп сурадык.

-«Иштегендер арасында, потолок түшүп кеткенге дейре бар экен. Биздин кызматкерлер (ошол жерде – ММ) иштеген кыргыздардын үйлөрүнө барып келди. Кудай жалгап, потолок түшкөндө алар ал жерде болушпаптыр. Больницаларды кыдырдык. Жараат алгандар арасында кыргызстандыктар жок. Алдын ала чыгарылган жыйынтыкта өлгөндөр арасында жана жараат алгандар арасында биздикилер жок», -деди Кыргызстандын Маскөөдөгү консулу.

Анализчилер чөйрөсү: «Басман базарында иммигранттар эмес маскөөлүктөр иштегенде башкача мамиле болот эле, бул жерде орус улутчулдар табасы кануу болуп атат», - дешет.

Маскөөнүн башчысы кечөө үстү түшкөн базар ордуна жаңы соода борборун кура тургандыгын билдирди. Ошондон улам Лужковдун шашып-бушуп жаcап аткан аракетин кай бир анализчилер: «жагдайдан пайдаланып мигранттар ээлеген жерин бошотуу болуп атат», - деп баалашууда.

Эмне себеп болуп базар үстү түшкөнүн изилдөө деле болбочудай дешет. Бийликтин журналистерге улам айткан болжолу - кардын оор жаашы ага себепкер болгон. Ал эми Басман базарынын директору Марк Мишиев болсо: «базардын үстүндө карды күрөөнүн эч кажети жок болчу. Ал базардын ичинен таркачу жылуулуктан өзү ээрип кетип туруучу», - деген.

Ал базарда иштегендер айтканга караганда имарат алдында подвалдар бар. Аларда базарга чыгарчу товарлар менен жашылча айдалчу, мыйзамсыз келгендер ал жерде иштеп, түнөп келишкен. Чөнтөк телефондор менен жардам сурап кайрылгандар да ошолор эле дешет. Мунун каршысында «Трансваал» аквапаркы кыйраганда төрт күн бою урандылар арасынан тирүү калгандарды издөө жүргүзгөнүн айтышат.

Мурунку күнү Орусиянын президенти Владимир Путин бул трагедлияга байланыштуу иликтөөнү тыкан жүргүзүүнү эскертти.

XS
SM
MD
LG