Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:28

Рысбек Акматбаевдин талапкерлиги алынабы?


БИШКЕК. Борбордук шайлоо комиссиясы Балыкчы шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Рысбек Акматбаевдин соттолгону жоюлган-жоюлбаганы тууралуу маалымат берүүнү сурап, Жогорку сотко кат жолдоду. Ага Борбордук шайлоо комиссиясына Ички иштер министрлигинен аталган талапкердин соттолгону жоюлбаганы тууралуу түшкөн маалымат себеп болгон. Жогорку сот бул катка ушул жуманын соңуна дейре жооп бериши керек. Эгер бул факт ырасталса, анда мыйзамга ылайык, Рысбек Акматбаев талапкер катары шайлоого катыша албайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматынан 28-февралда кабарлашты.

XS
SM
MD
LG