БИШКЕК. Эл шайлаган депутаттар мамлекеттик маанидеги иштерди чечкендин ордуна оор кылмыштарды жасады делген адамдарды камактан бошотуу менен алек. Мындай билдирүүнү адам укугу боюнча кыргыз комитетинин жетекчиси Рамазан Дырылдаев 7- мартта жасады. Анын пикиринде, тергөө иштеринин жүрүшүнө айрым депутаттар тарабынан басым жасалууда. 23- февралда башкалаада куралчан кармалган эки адамдын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранып, сотко Жогорку Кеңештин төрт депутаты кайрылды. Ал эми Раатбек Санатбаевдин өлүмүнө тиешеси бар деп камакта жаткан адамды боштондукка чыгарууну парламенттин үч депутаты өтүнгөн. Атын атабоону суранган депутат мындай кайрылуулар шайлоочулардын өтүнүчү менен болуп жатат деп билдирди.