Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:53

И.Исаков: “Ганси базасы Иранга каршы пайдаланылбайт”


БИШКЕК. Иран менен АКШ ортосунда кагылышуу боло турган болсо Кыргызстандагы Ганси аскердик базасы аскерий операцияларда пайдаланылбайт. Мындай пикирин Коргоо министри Исмаил Исаков Азаттыкка кечээ кечинде билдирди. Анын айтымында, америкалык тарап менен кол коюлган келишимде ООганстан тууралуу гана сөз бар. Саясат таануучу Нур Омаровдун пикиринде, америкалык учактардын каякка жана кандай мүдөө менен учуп атканын кыргыз тарап азыр да тескей албайт. “Андыктан мындай коркунучту жокко чыгарууга болбойт” дейт Нур Омаров. Буга чейин Тышкы иштер министрлиги Иран менен ыктымал кагылышууда “Манас” аскерий базасы колдонулушуна жол берилбейт деп билдирүү жасаган.

 

XS
SM
MD
LG