БИШКЕК. Президент Курманбек Бакиевдин 9-марттагы жардыгына ылайык, Кубанычбек Таабалдиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигинин деректирлик кызматынан бошотулду. Президенттин дагы бир жардыгы менен бул кызматка Олег Рябов дайындалды. Ал буга дейре «Слово Кыргызстана» гезитинде иштеп келген.