Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:53

АКШнын аскерий патрулунун жанында бомба жарылып, 6 киши окко учту


Курман болгондордун арасында америкалыктар барбы же жокпу белгисиз.Ирактын баш калаасындагы эң ири бейтапкананын дарыгерлери билдиргендей, түн ичинде аларга 20 чакты кишинин сөөгү жеткирилди. Алардын көпчүлүгү атып өлтүрүлгөн.
Анын аралыгында, өлкөнүн мурдагы президенти Саддам Хусейндин соту улантылды. Анын адвокаттары сотту легитимдүү эмес деп, анын буга чеийнки бир нече отурумун бойкоттоп келишти. Алар бүгүнкү процесске катышуусу жөнүндө азырынча маалымат жок.
Адвокаттар судья Рауф Абдел Рахманды бир тараптуулук үчүн айыптап, анын алмаштырылышын талап кылышууда.
Хусейн жана дагы 2 кишиге 1982-жылы Дужали кыштагында болгон окуяларга байланыштуу айып тагылууда. Анда Саддамга кол салуу даярдап жаткан деген шылтоо менен 148 киши өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG