Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:24

Кик-боксинг боюнча эл аралык мелдеш өттү


БИШКЕК. Бүгүн Кожомкул атындагы спорт ордосунда Кыргызстандын президентинин кубогуна арналган кик-боксинг боюнча эл аралык мелдеш өттү. Ага Кыргызстандан сырткары Орусия, Украина, Беларус, Молдова, Казакстан жана Өзбекстандын кик-боксчулары катышты. Финалдык таймашка кыргызстандык кик-боксчулар Канат Сыдыгалиев менен Ален Офойе чыгып, Канат Сыдыгалиев жеңишке жетти. Жеңүүчүгө кубокту президент Курманбек Бакиев өзү тапшырды.

Аба ырайы

БИШКЕК. 25-мартта Кыргызстанда сейрек булут каптап турат. Жаан-чачын күтүлбөйт.
Чыгыш тараптан сыдырым жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Чүй аймагында түнкүсүн +1...+6, күндүз +15...+20 градус.
Талас дубанында түнкүсүн 0...+5, күндүз +13...+18 градус.
Жалалабат, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +2...+7, күндүз +17...+22 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн 0...-5, күндүз +8...+13 градус.
Нарын облусу боюнча түнкүсүн -4...-9, күндүз +6...+11 градус.
Борборубуз Бишкекте күн ачык болуп, түнкүсүн +3...+5, ал эми күндүз +17...+19 градус болот деп кабарлашат, Кыргызстандын синоптиктери.

Шайырбек Эркин уулу, Бишкек

Редактору Кубатбек ЧЕКИРОВ

XS
SM
MD
LG