Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:00

28-МАРТТАГЫ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР


Бу күн 1916-жылкы “аялдар козголоңу” жана бир жыл мурун Өмүрбек Текебаевдин Жогорку Кеңешке төрага шайланышы менен эсте калды.

1898-жылдын бу күнү Верныйдагы орус мектептерине көмөк көрсөтүү коомунун төрагасы И.Колпаковский Шабдан баатырга кат жолдогон. Катта билим маселесине көңүл буруу көйгөйү көтөрүлүп, Шабдан баатырдын билим берүүгө көрсөтүп келген колдоосу баса белгиленет. Ошону менен бирге И.Колпаковский Шабдан баатырдан аталган коомго жардам көрсөтүүнү өтүнөт.

1916-жылдын 28-мартында Пржевальск уездинин Преображенское айылында олуттуу козголоң чыккан. Козголоңго жалаң аялдар катышкандыктан бийлик ага “аялдардын козголоңу” деген аталыш ыйгарган. Согуш маалындагы каатчылыктан кабыргасы кайышкан аялдар, базардагы кымбатчылыкка нааразычылык ирээтинде андагы дүкөндөрдү талкалап оокат, ашты талап алышкан. Бийлик козголоңду ырайымсыз басып, 300 чамалуу аялдын жетимиштейин камакка алган.

Мындан бир жыл мурун депутат Өмүрбек Текебаевдин саясий жылдызы жанып Жогорку Кеңештин төрагалыгына шайланган. Ө.Текебаевдин бир жыл чамасындагы төрагалык кызматы, анын саясатчы катары таанылышына жана Кыргызстан үчүн оор саясий шартта Жогорку Кеңештин турукташып уюмдашышына салым кошту.

1854-жылдын бу күнү Франция Россияга каршы расмий согуш жарыялаган.

1871-жылдын 28-мартында Париждеги козголоңду басуу чарасы башталган. Руандагы конвенцияга ылайык Версаль өкмөтүнө аскер санын көбойтүүгө уруксат берилген. Версаль өкмөтү муну козголоңду басууга багыттаган.

1380-жылдын бу күнү венециялыктар менен генуалыктардын согушунда биринчи жолу Европада порох колдонулган.

1592-жылдын 28-мартында айтылуу чех гуманисти, коомдук ишмер жана педагогикалык ишмердиги менен таанылган Ян Амос Коменский жарык дүйнөгө келген.

1969-жылдын бу күнү АКШнын 34-президенти, 2-дүйнөлүк согуш маалындагы Европалык аскер күчтөрүнүн башкы командачысы Дуайт Эйзенхауэр жарык дүйнө менен кош айтышкан.
XS
SM
MD
LG