Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:54

ШАЙЛООДОН КИЙИНКИ БЕЛАРУСТАГЫ АБАЛ


Нарын АЙЫП, Прага 19-март күнү Беларуста президенттик шайлоо өткөрүлүп, анда Александр Лукашенко утуп чыкканы жарыяланганы менен, оппозиция эмгиче ар башка митинг-демонстрацияларды уюштурууда. Айрым эксперттер аны - беларус коомунун саясий жактан такшалып баратканынын белгиси дап бааласа, башкалар - акыркы 15 жылда өлкөдө советтик система дээрлик өзгөрбөгөндүктөн, Беларус азыр дүйнөлүк өнүгүүнүн обочосунда калды деген пикирде.

Шайлоо болуп өткөн күндүн кечинде Минск шаарынын борбордук аянтына он миңге жакын адам чогулуп, добуш берүү учурунда бурмалоолор болгонуна каршылык көрсөткөн. Андан кийинки күндөрү жана түндөрү аянтка келген адамдардын саны улам азая баштаган жана кийин оппозиция андай митингдерди туруктуу кылбастан, кайсы бир атайын тандалган күндөрү гана уюштурууну чечти жана элдин деми сууй баштады.

Анткен менен акыркы жылдарда Беларуста ушундай митингдер да болгон эмес, ошондуктан, айрым эксперттердин айтымында, аны - коомдун ойгонгону катары бааласа болот. Андан тышкары, мындан бир жыл мурда белгисиз болгон Александр Милинкевич оппозициянын чыныгы лидерине айланды жана анын жүргүзгөн саясатына каршы бийлик азырынча даба таба элек.

Милинкевичтин өзүнүн пикиринде дагы, оппозиция туура багытта аракетенип жатат: "Биз азыр - мындан ары эмне кылуу керек экенин талкуулап жатабыз. Бул өтө маанилүү. Эл арасындагы пессимизмди жоюш керек жана бизде азыр пессимизм жок. Менин оюмча, биз жеңишке жетиш үчүн керек болгон биринчи орчундуу кадам жасадык", - деди Милинкевич 28-мартта.

Редакциясы Лондон шаарында жайгашкан "Экономист" журналынын изилдөө борборунун эксперти Стюарт Хензелдин пикиринде, мурда такыр жок болгон оппозициянын Беларуста жаралып жатканы оң көрүнүш: "Лукашенкага каршы келерки эки айда же азыркы президенттик мөөнөттүн төрт жылында жетиштүү деңгээлде күрөшө ала турган күчтүү оппозиция өлкөдө азырынча жок. Анткен менен мындан төрт жыл мурда Украинада пайда болгондой кыймыл Беларуста да пайда болуп жатат, оппозиция өз айланасына элди чогулта баштады жана ушунчалык катуу саясий куугунтуктоо учурунда оппозициянын үнү угула баштады", - дейт англиялык адис.

Ал эми америкалык Карнеги фондунун Маскөөдөгү эксперти Алексей Малашенконун пикиринде, Беларус коому өз өнүгүүсүндө эски советтик мезгилде калган: "Беларус коому өзүнүн мүнөзү жана саясий маданияты боюнча - элеттик коом. Ал өзүнүн кошуна мамлекеттеринен 10-15 жылга артта калган сыяктуу. Бул алардын күнөөсү эмес, бакытсыздыгы. Канчалык күлө тургандай болсо да, Беларус дагы эле советтик инерция менен жашап келатат," - дейт Малашенко.

Бийлик болсо демонстрацияга катышкан чет өлкөлүк жарандарды, алардын ичинде Беларустагы Польшанын бир кездеги элчиси Мариуш Машкевичти дагы, андан тышкары президенттикке талапкер болуп шайлоого катышкан Александр Козулинди дагы камакка алды. Милинкевичтин өзүнө каршы дагы тартип бузган деген күнөөлөр айтыла баштады.

XS
SM
MD
LG