Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:26

УКРАИНАДАГЫ ШАЙЛООДОН КИЙИН ӨКМӨТ ТҮЗҮҮ АРАКЕТТЕРИ ӨТӨ ЖАЙ ЖҮРҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага Украинада парламенттик шайлоо өткөнүнө он күн толду, бирок өкмөт түзүү аракеттери өтө жай жүрүүдө.

Шайлоодо эч бир партия же коалиция басымдуу көпчүлүккө жетише албады жана эң көп добуш чогулткан Региондор партиясы эч ким менен туруктуу коалиция түзүүгө жетише алган жок. Бирок экинчи, үчүнчү жана төртүнчү орундарга чыккан партиялар менен кыймылдар өзүнчө блоккө биригип, өкмөт түзүүгө укук алышты жана ал тууралуу президент Виктор Ющенконун партиясы 5-апрель күнү жарыялады. Ошондо бул коалициянын көзөмөлүнө парламенттеги 450 орундун 243ү тийет.

Мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенконун партиясы коалицияга бириккен үч кыймылдын ичинен эң көп добуш чогулткан, ошондуктани Тимошенко кайрадан премьер болууну каалайт, бирок президент коалиция түзүүнү сунуш кылганы менен, Тимошенкого - өкмөттү жетектөө тууралуу сунуш жасаган жок. Ал тууралуу Тимошенко өзү минтип билдирди:

"Бизге өкмөт түзүүгө укук бере турган меморандумга кол койгондон көрө, алар өз колдорун өздөрү жеп алууга даяр экенин мен жакшы билем", - деди Тимошенко 6-апрелде президенттик партиянын жетекчилери жөнүндө. Ошондуктан, анын айтымында, мындай коалиция түзүү тууралуу айтуу - жөн гана көчөдө күн тийип, короодо чөп өсүп, жаз келди деп айтканга барабар.

Президенттин "Биздин Украина" партиясынын саясий кеңешинин төрагасы Роман Безсмертныйдын айтымында, ким өкмөттү башкарууга тийиш деген маселени азырынча талкуулап кереги жок: "Коалиция президенттин программасынын тегерегинде биригүүгө тийиш, эч ким эч кандай ультиматум койбош керек, ким кандай орунга дайындалыш керек деген талаптар да азырынча айтылбаш керек", - деди Безсмертный 6-апрелде.

Эксперттердин айтымында, эгер коалиция ушундай ыкмалар менен түзүлсө, өкмөттүн курамы июнда араң аныкталат. Айрым башка саясат таануучулардын пикиринде, президенттин командасы атайылап убакытты созуп жатат жана Тимошенкого өкмөт түзүүгө мүмкүнчүлүк берилбесе, ал коалицияданы чыгып кетиши мүмкүн жана анын ордуна жаңы бирикмеге Виктор Янукович чакырылышы ыктымал.

Акыркы мезгилде президент Ющенко - Януковичтин партиясы менен кызматташууга тийиш, ага добуш берген 30 пайыз шайлоочулардын пикирин сөзсүз эске алыш керек деп көп айта баштады. Януковичтин жардамчысы Евгений Кушнаревдун айтымында, "Региондор партиясынын" өлкөнү кризистен чыгаруу боюнча программасы да даяр.

XS
SM
MD
LG