БИШКЕК. Бүгүн президент Курманбек Бакиев Коррупцияга каршы улуттук кеңештин курамы менен жолугушуп, уюштуруу маселелерин талкуулайт. Коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязовдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, президент комиссарга байланыштуу жардыгын бүгүн жарыялашы күтүлүүдө. Кечээ Ниязовдун жетегинде улуттук кеңештин жыйыны өтүп, анда коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттиктин комиссарлыгына Курманбек Жороевдин талапкердиги сунушталды. Жогорку Кеңештин депутаты Рашид Тагаев улуттук кеңештин төрагалыгына шайланды. Президент 11 кишиден турган улуттук кеңеш жана 49 кишиден турган агенттик түзүү жөнүндө жардыгын былтыр октябрда чыгарган.