Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:49

УЛУТТУК КЫРГЫЗ ДРАМДЫН АРТИСТТЕРИ «КОРОЛ ЛИРДИ» ТҮРКИЯДА КӨРСӨТҮШТҮ


Т.Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артистери Түркиянын Адана шаарында өткөн Сабанжи атындагы сегизинчи эл аралык театралдык фестивалга катышып келишти. Германия, Египет, Дания, Швейцария өлкөлөрүнүн жана аталган шаардын театрлары катышкан фестивалда кыргыз өнөрпоздору «Алдар көсө» спектаклин жана улуу драматург Вильям Шекспирдин « Лир падыша » драмасы боюнча коюлган спектаклди көрсөтүшкөн.

Байыркы түрк маданиятынын, көчмөн элдердин үрп-адаттарына салыштырмалуу коюлган спектаклге Адана шаарынын администрация башчылары, Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин өкүлдөрү жана шаардын тургундары ошону менен бирге ал жактагы кыргыздар күбө болушкан. Кыргыз драма театрынын актрисасы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Жумагүл Жумалиеванын айтымында оюнду көрүүчүлөр жогорку деңгээлде кабыл алышкан:

-Артистер ушунчалык чоң чеберчиликте ойношту, өзгөчө башкы ролду аткарган Мукамбет Токтобаев сонун ойноду. Көрүүчүлөр аябай жакшы кабыл алышты.

Түрк элин башка калктын маданияты менен тааныштырып, улуттар аралык руханий, маданий байланыштарды түзүп, тажрыйба алмашуу иретинде өткөрүлгөн бул фестивалдын өзгөчөлүгү жеңүүчүлөр аныкталбайт. Андыктан катышуучуларга сыйлыктар, байгелер да тапшырылбайт. Кыргыз артистери бул жолку сапарында байге албаса дагы белектерге ээ болуп кайтышкан. Ал туурасында театрдын көркөм жетекчиси Кыргызбай Осмонов мындай дейт:

-Бизге Түрксойдун атайын белеги жана фестивалдын кубогу берилди. Биз Стамбул шаарында өткөн «Экинчи мекен» фестивалына барганыбызда силердин актерлоруңар абдан жакшы ойнойт экен, мектеби аябай күчтүү экен, баардык нерсени образга кирип, берилип аткарышат экен деген пикирлер болгон. Бул жолу да ошондой ойлор айтылды.

Кыргызбай мырза ошондой эле өз сөзүндө Адана театрынын жетекчиликтери менен келишим түзүлгөнүн жана мындан ары ал жактын артистери Кыргызстанга, кыргыз артистери Түркияга барып спектакль көрсөтүшөөрүн маалымдады. Кыргызстандан барган чыгармачыл топ Аданада өз өнөрлөрүн тартуулап гана тим болбостон, шаар менен таанышып, өлкөнүн тарыхый жайларын да кыдырышкан.
XS
SM
MD
LG