Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:31

КОҢУЛДАН ЧЫККАН ТАРМАК


Тапкан кирешеси “Кумтөр” кени менен теңтайлашууга жарамдуу болуп саналган тигүүчүлөр тармагы аз-аздан коңулдан чыгууда. Антишке Кыргызстанда тигилген кийимдерди Орусия базарына алып өтүүнүн кыйынчылыгы да себепкер болду көрүнөт.Айрым адистердин болжолунда, Кыргызстанда тигүүчүлүк менен шугулдангандардын саны 100 миң кишиден ашат.

“Көмүскө экономиканын” көлөкөдөн чыгышына ириде салык саясатынын лоялдуулугу, бюрократиялык ыксыз текшерүүлөрдүн азайышы, мыйзам тарабынан биртоп жеңилдиктердин берилиши керектигин тигүүчүлөрдүн мисалынан деле көрсө болот. Кыргызстандын өнөр жай, соода, туризм министринин орунбасары Сабырбек Молдокуловдун ырасташынча, мурдагы жашыруун цехтерде иштегендердин ачыкка чыгышына бул жерде тигилген кийимдердин орусиялык чек арадан алып өтүүнүн кыйынчылыгы да кадыресе өбөлгө түздү.

- Мисалы, чыгарган продукцияны Орусияга алып өтүү кыйынчылыгы. Биздин статистика өндүрүш көлөмүн 200 – 300 миллион сом деп көрсөтсө, ташып бараткан товар 800 – 900 миллион сомго чыгып турчу. Ошондон орусиялык бажычылар ушунча товар чын эле Кыргызстандан чыктыбы деп ишенбей, тармактын ачыкка чыгышын талап кылышчу. Чындыгында эле байкоо көрсөткөндөй бу тармакта 50 – 100 миң киши иштейт. Бирок да анын так санын билген киши жок,-деди Сабыр Молдокулов.

Өткөн жылдын соңунда өкмөт тигүүчүлөргө патент системасын киргизип, патент акысын 150, социалдык камсыздоо фондуна деп 38 сом төлөп туруу белгиленген. Парламент депутаты Темир Сариев бул жерде тигилген кийимдер Орусияда өтүмдүү, ошол себептен “көмүскөдөн” ачыкка чыккан Кыргызстандын тигүүчүлөрүн өкмөт колдошу керек дейт:

- Бул биздин продукция жакшы өтөрүн, дурус өнүгүп баратканын көрсөтчү жышаан. Ошондуктан биз муну колдошубуз керек. Мен буга чейин айтылган бул иш-чара бардык маселени чечип ийбейт, дегенге кошулам. Бирок бул биринчи кадам.

Жеңил өнөр жайчылар ассоциациясынын жетекчиси Сапарбек Асановдун ырасташынча, Орусияга ташылган кыргызстандык кийимдердин саны мындан төрт-беш жыл мурда болжол менен 100 миңге жакынды түзсө, азыр бул көрсөткүч миллиондон өткөн.

Бирок да жаңы патент системасы киргизилгенге чейин жеңил өнөр жай адистери сырттан канча кездеме келип, анын канчасы тигилип Орусия менен Казакстанга ташылганын иликтеп чыгышкан. С.Асанов адистердин эсебинде 300 миллион ашуун кийим Кыргызстанда тигилет дейт. Жеңил өнөр жайынын ийкемдүү тармагынан антип көмүскөдөн ачыкка чыгышы, араңжан комбинаттарды ишке киргизүү менен өкмөт быйыл 4 миллиард сoмдук продукция чыгарууга ниеттенип жатканын мурдагы өнөр жай, соода, туризм министри А.Атамбаевдин да ырастаган жайы бар.

Билдирүүнүн чын-төгүнүн, албетте, жыл жыйынтыгы көрсөтмөкчү. Өкмөт жеңил өнөр жайчыларга салыктын жөнөкөй түрүн киргизип, коңулда жашынып келген тармакты мыйзамдык негизге салуу аракетин көрүүдө.

XS
SM
MD
LG