Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:37

Маркум Рысбек Акматбаевдин жактоочулары нааразылык акциясын улантышат


БИШКЕК. Маркум Рысбек Акматбаевдин жактоочулары бүгүн Балыкчыда нааразылык акцияларын улантаары күтүлүүдө. Алар нааразылыкты кечээ башташып, президент Курманбек Бакиевдин, премьер министр Феликс Куловдун нааразы тарап менен келип жолугушууусун талап кылышкан. Балыкчыдагы акцияны уюштуруучуларга шаардык прокуратура кечээ эскертүү бергендиги кабарланды. Тартип коргоо орган кызматкерлери акцияны маркумдун жакын санаалаштары уюштуруп, ага кылмыштуу топтор кызыкдар болуп жатканын айтышууда. Ички иштер министринин орун басары Өмүрбек Субаналиевдин билдиргенине караганда, түндө Балыкчыда коомдук тартипти бузган жагдайлар байкалган жок.

XS
SM
MD
LG