Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:43

БАЛЫКЧЫДАГЫ ТОЛКУГАН ЭЛДИН ТАЛАБЫН АТКАРУУГА ПРЕЗИДЕНТ МӨӨНӨТ СУРАДЫ

Рита Нурмамбет кызы Атылып набыт кеткен Рыспек Акматбаевдин шайлоочуларынын өкүлдөрү менен ата-энесин 16-май күнү президент Курманбек Бакиев кабыл алып, талаптарын угуп, аларды аткарууга убакыт сураган. Бирок, Балыкчыда толкуп турган эки миңдей адам жогорку бийлик өкүлдөрүнүн айтканына көнбөй, көгөрүп жол тосуу акциясын улантышууда.

Балыкчы шаарынын кире беришинде беш күндөн бери митинг өткөрүп жаткан Рыспек Акматбаевдин жактоочуларына 16-май күнү кечки саат бештерде президент менен жолугушууга кеткен өкүлдөр келип, бийлик коюлган жети талапты аткарууга мөөнөт сураганын билдирди.Алардын айтымында, президент жолугушууда Ф. Куловдун отставкасы жөнүндө маселе премьер-министр жөнүндөгү мыйзамга ылайык чечиле турганын билдирген. Анын күнөөсү бар же жок экенин териштирип көрүү керектигин белгилеген. Субаналиевдин отставкасы боюнча маселени иликтеп чыгуу жөнүндө Президент ошол жолугушуу учурунда эле башкы прокурорго тапшырма берген.


Балыкчыда толуган шайлоочулар Президентке жолдогон кайрылууда Тынычбек Акматбаевге айкел тургузуу, Рыспек Акматбаевдин ысмын Балыкчы шаарына коюу жөнүндө да талап көтөрүшкөн. Облус губернатору Эсенгул Өмүралиев бул маселелерди Президент жалгыз өзү эмес, Жогорку Кеңеш жана жергиликтүү бийлик менен чечерин айтканда, көпчүлүк ага нааразы болуп, кайрадан жол тосууга чыгышты.

Парламент депутаты Кубанычбек Исабеков менен Акматбаевдердин атасы Абдымалик Акматбаев коюлган талаптардын аткарылышын күтө туралы деген суранычына карабай, эки миңдей киши Бишкек-Балыкчы жолун Кызылкөпүрө жана Тоң районунун аймагынан да тосуу керектигин жарыя кылды. Жарыядан кийин Балыкчы шаарынын кире беришиндеги жол жабылып, бирок 15-20 мүнөттөн кийин кайсы бир деңгээлдеги лидерлердин сүйлөшүүсүнөн кийин кайра ачылды. Алар бул жерди тоспой Кумтөр тараптагы Тоң районунун жолун тосууну пландап жатышат.
XS
SM
MD
LG