Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:16

ЕВРОПА БИРИМДИГИ БЕЛАРУС ЛИДЕРЛЕРИНЕ КАРШЫ ЖАҢЫ ЧЕКТӨӨ КИРГИЗДИ


Нарын АЙЫП, Прага 18-май күнү Европа Биримдиги Беларус жетекчилерине каршы жаңы чектөөлөрдү киргизди. Ага ылайык, президент Александр Лукашенко жана дагы 35 башка жетекчинин Батыш мамлекеттериндеги банк эсептери көзөмөлгө алынып, алардын иши токтотулат.Буга чейин дагы башка санкциялар жарыяланган.

Европа Биримдиги Беларусту - Европада жалгыз калган диктатура деп эсептейт. 19-март күнү болгон акыркы президенттик шайлоодон кийин Беларуска каршы чектөө жарыяланган, анын шарттарына ылайык, өлкөнүн отуздан ашык жетекчисине Европа мамлекеттерине баруу үчүн виза берилбей калган. Азыркы жаңы чектөө боюнча, президент Александр Лукашенко жана дагы 35 башка жетекчинин Батыш мамлекеттериндеги банк эсептери көзөмөлгө алынып, алардын иши токтотулат.

Лукашенко мындан 12 жыл мурда коррупцияга каршы күрөшүү ураандары менен бийликке келген. Бирок айрым маалыматтарга караганда, ал өзү коррупцияга малынган адам. Албетте, түз далилдер жок, андай түз маалыматтар болгондо, такыр башка чаралар көрүлүшү мүмкүн болчу. Бирок өлкөнүн Улуттук банкынын мурдагы төрайымы Тамара Винникова жакында жарыялаган маалыматтарга караганда, президент Лукашенконун атайын буйруктары менен көптөгөн каражат жашыруун эсептерге которулган.

Винникова 1997-жылы камакка алынган, кийин үй камагында отурганда ал 1999-жылы Улуу Британияга качып, ал жерде китеп жазып чыгарды. Ошол китепте келтирилген маалыматтарга караганда, өлкөнүн "Торгэкспо" деген мамлекеттик ишканасы сырттан товар алып келгенде, импорттук салыктан бошотулган, ошол эле буюмдар кийин Орусияга экспорттолчу жана андай аракеттен келип түшкөн каражаттын бир кыйла бөлүгү Лукашенконун жашыруун фондуна толптолчу. Айрым эсептерге караганда, "Торгэкспо" ишканасынын андай жашыруун кирешеси көптөгөн миллиард долларга жеткен.

Андан тышкары, Перу өлкөсүндө 2001-жылы "Мафиялык мамлекет" деген китеп жарыяланды. Анда келтирилген маалыматтарга караганда, Беларус Перуга 1996-1998-жылдарда 400 миллион долларга курал саткан. Китеп - Перунун антикоррупциялык тергөөчүлөрү тарабынан жазылган жана алардын айтымында, ал 400 миллион доллардын 120 миллиону Беларус жетекчилигинин жашыруун банк эсептерине которулган.

Президент Лукашенконун жеке өзүнүн андай иштерге тийешесеи бар экени тууралуу түз далилдер жок. Бирок эки жыл абакка отуруп чыккан ишкер Валерий Леваневский мындай кыйыр далил келтирет. Президенттик шайлоо алдында Лукашенко жарыялаган декларацияга ылайык, 2005-жылы президенттин айлыгы эки миң 300 доллар болгон. Ошол эле учурда Лукашенко 2004-жылы кышында жеке менчик учагы менен жана сакчыларынын коштоосунда Австриядагы курортко барып эс алып майрамдап кеткен. Мындай айлык менен андай саякаттарды жасоо мүмкүн эмес, дейт Леваневский.

Андан тышкары, АКШ президенти Жорж Буш үстүбүздөгү жылдын март айында жасаган отчетто Лукашенко дүйнөдөгү эң коррупцияланган жетекчилердин бири деп айтылат. Америкалык маалыматтарга караганда, Лукашенконун жашыруун президенттик фондунда 100 миллион доллардан кем эмес каражат топтолгон.

XS
SM
MD
LG