Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:42

ШАНКАЙ УЮМУНА КИРГЕН ӨЛКӨЛӨРДҮН КАРМАНГАН МАКСАТЫ ЖАНА КЕЛЕЧЕГИ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусиянын тышкы саясатында башкы кызыкчылыктардын бири болгон Шанкай уюмунун келечеги жана алдына койгон максаты тууралуу анализчилер чөйрөсүндө кайчы пикирлер бар экени маалым болууда. Жакында ал эл аралык уюмдун катарына Иранды кабыл алуу туурасында Мамдума депутаттарынын демилге көтөрүшү бул темадагы талашты ого бетер күчөтүп салды дешет.

Бир кезде Варшава келишимине кирген социалисттик өлкөлөр күчүн жетектеп келген өлкө ордуна пайда болгон Орусия кайрадан ошондой жаат тескесем дымакта дешет. Жүүнү бош КМШ экиге бөлүнүп андан кийин алар да таркай баштаганда, Азиянын борборунан орун алган мамлекеттер катарынан Шанкайлык келишим уюму пайда болду. Аны көргөндө танапташ өлкөлөр ага кошулууну самай баштады. Бул жагдай ал уюмдун кыйла чыйрак болорунан кабар берип турат дешет.

Маскөө менен Бээжин жөлөп таяган ошол уюмдун бир айдан соң өткөнү жаткан саммитине Ирандын президенти Ахмадинежаддын чакырылышы анализчилер баамында ал уюмдун атын чыгаруу максатында жасалууда. Ошол эле учурда саясий анализчилердин кай бирлери «бул кадам күч кимде экенин Кошмо Штаттарына билдирип коюш үчүн жасалууда. Алдыда июлдагы Санкт-Петербургда G-8 (Чоң сегиз) саммити өткөнгө дейре ал уланат андан соң унут болуучу саясий оюн», дешет.

Бирок, Шанкай келишимине мүчө Кытай, Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзүбекстанга Түштүк Азиялык мамлекеттер ыктап атышынын артыкча себеби бар деп да айтышат. Индия менен Пакистан, Ооганстан, Монголстандын ал уюм босогосун сагалашы бекеринен эместей дешет.

Буга «Коммерсант» басылмасынын баяндамачысы Сергей Строкандын айтымында, бул мамлекеттер баарыдан мурда региондогу экономикалык кызматташууга кызыктар болгондуктан биригүүдө. Ал эми Пакистан, Индия, Кытай сыяктуу ири мамлекеттер Орусия менен Борбордук Азиянын энергетикалык такоолдоруна кызыгууда. Ошол эле учурда мурда СССР тумумунда болгон жумурияттар дагы эле Орусияны бел туткусу келип жатат.

«Азиялык мамлекеттерге Маскөө сыяктуу «акеси» бар болуу пайдалуу. Аны менен тил табышуу оңой, адам укуктары боюнча болсун, демократиялык мүчүлүштөр болсун тил табышып кетүү оңой»,- дейт баяндамачы Строкань.

Анализчилердин экинчи тарабы байкашынча, Борбордук Азия бир нече жылдан бери Кошмо Штаттары менен Орусиянын кызыкчылыгынын ири майданына айланып калган. Муну көзү менен көрүп көкүрөгү менен таанып турушкан Кыргызстан менен Казакстан ошол себептен Маскөө менен да Вашингтон менен да бирдей алакада болууга тырышууда.

«Алар (Кыргызстан менен Казакстан – ММ) көп жактуу мамилени каалашат. Бул чоң дүйнөдө, дал ушунун өзү, алар үчүн коркунучсуз жол»,- дейт журналист Санобар Шерматова.

Байкоочулар баамында, канткен менен Шанкай кызматташуу уюму дагы да бара берет. Ага умтулуп аткан мамлекеттер баарыдан мурда өз өлкөсүнүн ички саясий, экономикалык жана коопсуздугун бир калыпта кармаш үчүн жөлөк издешүүдө. Анын аскерий уюмдаш болуп кетүүсү күмөн санатат.

XS
SM
MD
LG